Татарлар: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
м Bot: Migrating 85 interwiki links, now provided by Wikidata on d:q35565 (translate me)
No edit summary
16-сап:
|чыгуы =
}}
 
 
'''Татарлар''' - 8–12-к. Борбордук Азияны мекендеген эл. Экинчи Чыгыш Түрк кагандыгынын тушунда «отуз татар» деген эл болгону Күл тегинге арналган эстеликтен улам бизге маалым. Орто кылымдардагы кытай жылнаамаларында Т-ды «да-да», «да-дань» деп белгилешип, аларды «ак татар» ж-а «кара татар» деп бөлүшкөн.
 
«Ак татарлар» түрк тилдеринде сүйлөшкөн. Моңголиядагы бийлик үчүн күрөштө [[Темучин]] (1206-жылдан Чыңгыз хан) Т-га каршы согушуп, алардын көпчүлүгүн кырдырып салган. [[Махмуд Кашгари]] (11-к.) Т-ды түркий эл катары эсептеген. 11–12-к. [[Орто Азия]]да жашаган түрк элдери моңгол урууларын Т. деп аташкан. Кийинчерээк Алтын Ордонун негизги калкын түзгөн түрк элдери (булгар, кыпчак ж. б.) ж-а Волга бою, Крым, Сибирдеги бир катар элдер орус даректеринде Т. аталып калган.
 
==Манас эпосунда==
Татар — [[этноним]]. [["Манас" эпосу|"Манас" эпосунда]] "маңгулга тууган татар бар" ([[Сагымбай Орозбак уулу (Орозбаков)|Сагымбай Орозбаков]], 3. 14), — деп душман эл катары айтылат. Т. ар кайсы мезгилде, ар кандай түшүнүктө, мааниде колдонулуп келген элдин аты. Байыркы Орхон түрк жазууларында согушчан отуз-татар бирикмеси эскерилет. Даректеги "отуз" саны бириккен тууган уруулардын санын көргөзгөн. Отуз-татарлар түрк каганаттары менен согуш абалында болуп, убагында бириккен кези дагы болгон. Эки түрк каганаттарынын кулашы отуз-татар бирикмесине өз таасирин тийгизбей койгон эмес. Уйгур кандыгын негиздөөчү Моюн-чурдун көрүстөн жазуусунда тогуз-татар жөнүндө эскерилет. Ал эми Могилян кандын эстелигинде тогуз-татар уруулар бирикмеси тууралуу баяндалат. Ошентип, 8-кылымдын жарымында тогуз-татарлар бирикмеси түзүлөт.<br />
 
Кытай жазма даректеринде татарлардын күчтүү жана эр жүрөк уруулар экенин баяндап, ушунча көп уруунун ортосунда биримдик болсо, аларга кытайдан бөлөк эл туруштук бере албастыгы маалымдалат. Кытайлыктар татарларды шу дадань — маданияттуу татарлар жана шэн дадань — жапайы татарлар деп эки топко бөлүшкөн. Мындай аныктама алардын жаралыш табиятына же саясий бирикмесине карата айтылбастан, алардын чарбачылык, маданий деңгээлине карата берилген. Маданияттуу татарлар, кээде аларды ак татарлар дешет, 9-кылымдын башталышында түштүк тарапты карай Иньшань ([[Кытай]] мамлекетинин түндүк-батыш чек арасы) тоолоруна чейин көчүшкөнү баяндалат. Алар Кытай мамлекети менен соода жүргүзүшкөн. Кытай элчиси Вань Яньде 10-кылымдын акырында Чыгыш Түркстандан татар урууларын кездештирген. Чыгыш Түркстандагы татар тобу менен кыргыздардын түздөн-түз байланышы болгонун кытай даректери маалымдайт: "Кыргыздар генерал Табу-хэцзу жана бөлөктөрдү Тяньдэ воеводствосунун чебине жөнөтүштү жана дагы Уйгур мамлекетинин мурдагы жерине жашаш үчүн Хэло дарыясына көчүп келишерин билдиришти; дагы аларга беш уруу — Аньси (Куча), Бэйтин (Бешбалык), Дада ([[Татарлар|Татарлар)]] жана башкалар баш ийишти".<br />
 
Ал эми татарлардын бөлөк тобу жапайы татарлар же [[моңгол]] уламыштары боюнча токой адамдары азыркы Моңголиянын түндүк тарабында жашашкан. [[Рашид-ад-Дин]] кыязы, Чыңгыз кандын заманына чейинки татар сөздөрүнүн колдонулушу жана таралышы тууралуу маалыматы жок болгондуктан татарлар моңголдордон бөлөк эл болгондугу жөнүндө маалымдап, алардын негизги жашаган жерин Буир-Нор көлүнүн аймагына жайгаштырат. Андан бөлөк Рашид-ад-Дин татарлардын кичине тобун жогорку [[Эне-Сай|Эне-Сайдын]] же [[Ангара|Ангаранын]] төмөнкү агымына, башкача айтканда Түштүк [[Сибирь]] чөлкөмүнө жайгаштырат. Кээ бир окумуштуулардын пикири боюнча (9-кылым) кыргыздар көчүргөн шивээ уруулары болсо керек. Татар этноним катары аталышы Чыңгыз кандан кийин [[Моңголия]] жана [[Орто Азия]] чөлкөмүндө моңгол, [[могол]], [[моңол|моңолдор]] сөздөрү менен алмаштырылып колдонуудан чыккан. Демек, эпосто колдонгон татар этнониминин кыргыз тарыхына байланышы болгон. Ал эми "маңгул менен татар бар" деп, алардын көп сандаган душман эл катары сүрөттөлүшүн моңгол-татар баскынчылык заманында калыптанган тарыхый катмар катары кароого болот.
 
== Колдонулган адабияттар ==
* [http://bizdin.kg/books/item/24-short_hist_enscl Кыргыз тарыхы боюнча кыскача энциклопедия. Бишкек. 2003]
* [["Манас" энциклопедиясы]]/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4
 
[[Категория:Дүйнө элдери]]
[[Category:Этнография]]
[[Категория:Манас эпосундагы этнонимдер]]
[[Category:Тарых]]
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Татарлар" булагынан алынды