Жеймс Кук: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
м ImeNtrav moved page Кук Жеймс to Жеймс Кук
No edit summary
1-сап:
[[Файл:Captainjamescookportrait.jpg|thumb|Жеймс Кук (1776).]]
[[Файл:Cook Three Voyages 59.png|thumb|Кук 3 экспедиция.]]
'''Кук, Жеймс Кук''' (27. 10. 1728, Улуу Британия Йоркшир графтыгы, Мартон, — 14. 2. 1779, [[Гавайи аралдары|Гавайи аралы]]) — англис деңиз [[Саякат|саякатчысы]]. Жер шарын айланып чыккан 3 экспедицияга жетекчилик кылган. Тынч океандагы 11 [[Архипелаг|архипелагды]] жана 27 [[Арал|аралды]] ачкан. [[Канада|Канададагы]], [[Жаңы Зеландия|Жаңы Зеландиядагы]] деңиз өткөөлдөрүн жана алардын жээктерин (1759, 1763—67), [[Австралия (континент)|Австралиянын]] чыгыш жээгин жана [[Жаңы Гвинея|Жаңы Гвинеянын]] бир бөлүгүн картага түшүргөн (1768—71). Биринчи экспедициясында (1768—71) Жаңы Зеландия 2 аралдан (Түштүк жана Түндүк) тургандыгын далилдеген. Аларды бөлүп турган кысыкты, Австралиянын чыгыш жээгин, [[Чоң Тоскоол рифи|Чоң Тоскоол рифин]] изилдеп, экинчи экспедициясында (1772—75) Түштүк жарым шардагы мелүүн алкактарда кургактыктын ири массивдери жок экендигин аныктап, [[Жаңы Гебрид аралдары|Жаңы Гебрид аралынын]] түштүк тобун, [[Жаңы Каледония|Жаңы Каледонияны]], [[Норфолк аралы|Норфолк аралын]], [[Туамоту|Туамоту архипелагынын]] 2 атоллун, Коом, Кук аралынын түштүк бөлүгүн картага түшүргөн. Азия менен Американын ортосунда кысык бар экенин толугу менен далилдеген. 1773-жылы тарыхта 1-болуп Түштүк уюлдук тегеректи кесип өтүп, 71°01´түштүк кеңдикке жеткен. Кук уюл жакта материк же ири кургактык бар экенин божомолдогон, бирок аны издөөнү токтотууга аргасыз болгон. Үчүнчү экспедициясында (1776—79) [[Гавайи аралдары|Гавайи аралына]] жетип, Американын түндүк-батыш жээгин изилдеген.
 
Кук Гавайи аралындагы жергиликтүү калк менен болгон кагылышта курман болгон. Жаңы Зеландиянын Түштүк аралындагы тоо, Тынч океандагы аралдар тобу ([[Кук аралдары|Кук архипелагы]]), Жаңы Зеландиядагы Түштүк жана Түндүк аралын бөлүп турган кысык ([[Кук кысыгы]]), Алясканын жээгиндеги булуң Куктун ысмынан аталган.
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Жеймс_Кук" булагынан алынды