Урук: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
No edit summary
1-сап:
[[Файл:Asterales - Helianthus annuus experiment - 1.jpg|thumb|[[Күн карама]] ''Helianthus annuus''.]]
'''Урук (ботаника)''' – [[Уруктуу өсүмдүктөр|уруктуу өсүмдүктөрдүн]] жыныстык көбөйүү жана таратуу органы.
 
Ал ошондой эле ыңгайсыз шартта сактануу функциясын да аткарат. Ал ургаачы гаметанын уруктануусунун натыйжасында урук бүчүрүнөн өөрчүйт. Азык-заты атайын тканы - эндоспермде же урук үлүшүндө жайгашат. Урук катаал шартка чыдамдуу келип, көпчүлүк өсүмдүктөр үчүн экстрим учурунда жашап кетүүгө мүмкүндүк берет. Ошондой эле гүлдүү өсүмдүктөрдүн жана ийне жалбырактуу дарактардын таралуусун камсыздайт. Урук жылаңач уруктууларда спорофиллдин бетинде, жабык уруктууларда мөмөнүн ичинде жайгашат. Мөмөдөгү Уруктун саны 1ден млнго чейин жетип, көлөмү, формасы, түзүлүшү да ар түрдүү. Урук кабыктан, түйүлдүктөн, азык [[зат]] топтоочу ткань - эндоспермден турат. Айрым өсүмдүктөрдөн Уругунун кабыгында канатча, түк ж. б. өсүндү болуп, ал Уруктун аба аркылуу таралышына жардам берет. Урук негизинен үрөн, азык, тоют катары колдонулат.
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Урук" булагынан алынды