Цивилизация: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
м ImeNtrav moved page Өнөгө to Цивилизация over redirect
No edit summary
1-сап:
'''Өнөгө - Цивилизация''' – латынча civitas – «[[шаар]], граждандык коом, [[мамлекет]]» деген түшүнүктөн тамыр алган. Алгач «цивилизация» термини француз тилинде XVIII кылымдын экинчи жарымында колдонула баштаган. Монтескье, Вольтер, Тюрго, Кондорсе өңдүү ойчулдардын эмгектеринде бул түшүнүк акыл-эске негизделген телегейи тегиз коомду, акыл-эске шайкеш келген мыйзамдуулук жана калыстыкты, нравалык жана интеллектуалдык бийиктикти туюндурган. XIX кылымдын башында Европада «цивилизациянын этнографиялык концепциясы» түзүлөт. Ал адамзат маданиятынын көп түрдүүлүгүнө маани берип, «ар бир элдин өз цивилизациясы бар» деп ырастайт. Бара-бара философияда цивилизациянын ар кыл теория, концепциялары жаралат. Алардын негизгилерин мындайча ажыратсак болот:<br />
*1. Цивилизация – адамзат тарыхынын варварчылыктан кийинки баскычы. Ал таптардын, мамлекеттердин түзүлүшү, шаарлардын пайда болушу (урбанизация), жазуунун колдонулушу менен шартталат.<br />
*2. Цивилизация – маданиятка маанилеш. Экөө тең коомдун өсүп-өнүгүшүн, адам жараткан баалуулук, идеал, нормаларды, социалдык болмуштун жолун-ыгын туюндурат.<br />