Юлий Цезарь: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
1-сап:
[[Файл:Tête de Jules César.jpg|thumb|Юлий Цезарь.]]
'''Цезарь Гай Юлий Цезарь''' (б. з. ч. 12 (13). 7. 102, (100), [[Рим]] - б. з. ч. 15. 3. 44, ошол эле жер) - [[Байыркы Рим|байыркы римдик]] мамлекеттик жана саясий ишмер, диктатор, кол башчы. Ак сөөк үй-бүлөдөн.
Цезарь демократиялык кыймылдын жол башчылары Г. Марий жана Цинна менен тууган болгондуктан, Сулланын тушунда Римден Кичи [[Азия|Азияга]] кетүүгө аргасыз болгон. Сулла өлгөндөн (78) кийин Римге кайтып, саясий күрөшкө активдүү катышат да 73-ж. аскер трибуну, 59-ж. консул болуп шайланат. Ал Помпей жана анын союздаштарынын аскерин Илерда (49), Фарсал (48), Тапс (46), Мундо (45) жанында талкалагандан кийин Римде бүткүл бийликти колуна алып, монархка айланганы менен башкаруунун респ. формасын сактаган. Бирок Цезардын монархтык умтулууларын республикачыл маанайдагы ак сөөктөрдүн, ал түгүл мурдагы тарапкерлеринин айрымдарынын каршылыгына учурап, Г. Кассий менен М. Ю. Брут башкарган төңкөрүшчүлөр (80ден ашуун адам) тарабынан сенаттын отурумунда өлтүрүлгөн. Цезардын аскердик темага арналган «Галл согушу жөнүндө запискалар», «Жарандык согуш жөнүндө запискалар» деген чыгармалары биздин күндөргө чейин жетти.
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Юлий_Цезарь" булагынан алынды