Габриел Гарсиа Маркес: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
1-сап:
'''ГарсияГабриэль МаркесГарсиа ГабриельМаркес''' - (6.3.1928-ж. т., Колумбия, Аракатака) колумбиялык жазуучу, публицист. Боготада жана Европада «Эль Эспектадор» деген либералдык гезитте репортёр, 1959-60-ж. кубалык «Пренс Латин» агентчилигинде кабарчы болуп иштеген. Ал «Жерге түшкөн жалбырактар» (1955), «Полковникке эч ким кат жазбайт» (1958) деген повесттердин, «Жагымсыз заман» (1962), «Жалгыздыктын жүз жылы» (1967), «Патриархтын күзү» (1975), «Жарыяланган өлүмдүн хроникасы» (1981), «Чума мезгилиндеги майрам» (1985) аттуу романдардын, «Улуу Эненин көргө коюлушу» аңгемелер жыйнагынын автору. «Жалгыздыктын жүз жылы» романы Латын Америкасынын адабияты гана эмес, 20-кылымдын дүйнөлүк адабиятынын туу чокуларынын бири. Романда бир кылым бою цивилизациядан артта калып, сырткы дүйнө менен байланышы үзүлгөн адамдардын деградацияга учурашын сүрөттөгөн. «Полковникке эч ким кат жазбайт» повестинде социалдык теңсиздикти ашкерелеген. Нобель сыйлыгынын лауреаты (1982). Д. Буржубаева.
[[Категория:Искусство жана маданият]]
[[Категория:Инсандар]]