Пекин: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Removed redirect to Бээжин
Белги: Removed redirect
No edit summary
61-сап:
}}
 
'''Пекин ''', '''Бээжин''' [пиньинь – Běijīng, палладий – Бэйцзин – түз мааниде «Түндүктөгү борбор» 1928-49-жылдары Бэйпин (Beiping), түз мааниде : «Түндүктөгү тынчтык»] – Кытай Эл Республикасынын (КЭР) борбору. Өлкөнүн чыгышында, Улуу Кытай түздүгүндө, Сишан тоолорунун этегинде, Юндинхэ дарыясынын алабында жайгашкан. Айланасындагы райондор менен биригип, борборго баш ийген өзүнчө административдик бирдикти түзөт. Климаты мелүүндүк Мезгил-мезгили менен муссон шамалы болуп турат. Январдын орточо температурасы –4,6°С, июлдуку 26°С. Жылдык жаан-чачыны 650 мм. Табигый шартынын өзгөчөлүгү – катуу жер титирөө болуу мүмкүн экенинде. Аянты 17,8 миң км<sup>2</sup>. Калкы 21,1 млн (2013); шаар айланасы менен). Шоуду эл аралык аэропорту бар. Метрополитен иштейт. Сары деңиздин Бохайвань булунунан 160 км, Улуу каналдын башталышындагы ири жол тоому. Шаардын айланасында металлургия, нефть-химиялык, машина куруу, текстиль, химя, аскер, радиоэлектроника, полиграфиялык, тамак-аш, курулуш материалдар өнөр-жай ишканалары иштейт. КЭР Илимдер Академиясы, университет, театрлар, музейлер (анын ичиндеКытай тарыхы, Гугун ж. б.) сүрөт галереясы, Сней Бейхун мемориалдык музейи ж. б. бар. Пекин – Кытайдагы байыркы шаарлардын бири. Шаардын тарыхый борбору эки бөлүктөн – Татар шаардан [түндүк бөлүгү, 100дөн ашык ганы ээлейт; «Жабык шаар» (Пекиндин ядросу), Император ак сарай комплекси менен; 15-кылымдын 1-жарымы; учурда Гугун музейи], Кытай шаардан (түштүк бөлүгү, бул шаарча айланта чеп дубалдар менен курчалып, кийинчерээк алынып салынган) турат. Аты окшош аянтта Мао Цзэдундун мавзолейи жайгашкан. Дүйнөдөгү эң чоң Тяньаньмынь аянты (44 га; 1 млн киши батат); - Пекиндин заманбап борбору. Асман алтары, Хуанцюнъюй (көмкөрүлүп турган асман сыяктуу) зал, Циняньдянь (чокунуу) залы, Тяньтань храм ансамбли, Ихэюань (Жайкы) ак сарайы (12-кылым; бул жерде Мин династиясынын 13 башкаруучусунун күмбөзү бар) сакталган. Пекинде Кытай Илимдер Академиясы (анын ичинде медициналык, айыл-чарба), илим изилдөө иституттары, 50дөн ашык Жогорку окуу жайлары [анын ичинде университеттер (Пекин, Цинхуа, Кытай элдик, авиация жана космонавтика, политехникалык, өнөр-жай, химиялык, айыл-чарба ж. б.)], бир нече ири китепканалар (бай фонддору менен), обсерватория, 30дан ашык музей, цирк (бүткүл дүйнөгө белгилүү), кино, театр академиялары, консерватория бар. Ботан. бак уюштурулган. Пекин экономикасынын тездик менен өнүгүүсүнүн натыйжасында шоп-туризм борборуна да айланууда. Пекинде Жибек (кийим-кечек, аксессуарлар), Бермет (аты эле айтып турат), Яболу (дүң жана чекене соода) жана Орус (тилмечтин эч кереги жок) базарлары иштейт. 1970–90-жылдарда көп кабаттуу турак жай кварталдары жана коомдук жайлар салынды. 2008-ж. олимпиада жана 1990-ж. Азия оюндары өткөрүлгөн.
 
==Манас эпосунда==
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Пекин" булагынан алынды