Вьетнам согушу: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
1-сап:
'''Вьетнам согуштары''' (1946 – 1954; 1964 – 1975). – 20-кылымдагы Вьетнам мамлекети катышкан ири согуштар.
 
== [[Вьетнам элинин каршылык көрсөтүү согушу]] ==
Экинчи дүйнөлүк согушта Япония капитуляциялангандан кийин, Хо Ши Мин жетектеген вьетнамдык коммунисттер 1945-ж. августта көз каранды эмес Вьетнам Демократиялык Республикасынын (ВДР) түзүлгөндүгүн жарыялашат. 1946-ж. Франциянын Вьетнамдын үстүнөн контролун кайра калыбына келтирүү аракети согуштун башталышына алып келип, ВДРдин жетекчилиги кеңири масштабдагы партизандык аракеттерди баштайт. 1949-ж. Кытайда коммунисттердин жеңип чыгышы менен, ВДР алардын кеңири колдоосуна ээ болот. 1953-ж. партизандар Дьен Бьен Фудагы аскердик базасын курчоого алышат. 1954-ж. Женевадагы Индокытай боюнча сүйлөшүүлөрдө согуштук аракеттерди токтотуу боюнча макулдашууга кол коюлуп, француздар аскерлерин чыгарып кетишет жана мамлекет 17-параллель боюнча экиге бөлүнөт.
 
== Вьетнам согушу ==
[[Файл:VietnamMural.jpg|thumb|Вьетнам согушу (1955-1975).]]
'''Вьетнам согушу''' (1946 – 1954; 1964 – 1975) – Түштүк Вьетнамда француздардын тарапкери император Бао Дайдын бийлиги сакталган. Макулдашуу боюнча 1956-ж. бүткүл Вьетнамда шайлоо өткөрүлүп, бирдиктүү көз каранды эмес мамлекетти түзүү сүйлөшүлгөн. Бирок, Түндүк Вьетнамда коммунисттер советтик типтеги тоталитардык режимди орнотушкан. Түштүгүндө да ар кайсы саясий топтордун ортосунда күрөш күч алган. 1955-ж. Бао Дайдын премьер-министри Нго Динь Дьем императорду кетирип, өзүн Вьетнам Республикасынын президенти деп жарыялаган. Ал 1956-ж. шайлоо өткөрүүдөн баш тартып, тышкы саясатта АКШга ыктай баштаган. Вьетнамда ага каршы согушка даярдана башташат. 1961-жылдан АКШ өкмөтү Түштүк Вьетнамга аскер кеңешчилерин жөнөтө баштаган. Америкалыктардын макулдугу менен өлкөдө төңкөрүштүн жүрүшүндө Нго Динь Дьем өлтүрүлгөн. 1964-ж. Тонкин булуңундагы түндүк вьетнамдык согуш катерлери менен америкалык кемелердин ортосундагы кагылышуудан кийин, АКШнын президенти Жонсон 1965-ж. ВДРди бомбалоо тууралуу көрсөтмө берип, Түштүк Вьетнамга аскер жиберет. 1968-ж. АКШнын 500 миңдик аскерине Түндүк Корея, Таиланд, Филиппин, Жаңы Зеландия, Австралиянын аскерлери кошулуп, Индокытай жарым аралы согуш очогуна айланат. Америкалык аскерлер жергиликтүү элдерди массалык түрдө кырууга аракеттенишкен. Партизандык кыймыл күч алып, Вьетнамдагы согушка карата АКШнын өзүндө да нааразылыктар күч алган. 1968-ж. президенттикке шайланган Никсон Вьетнамдан аскерлерди чыгарып кетүүнү чечкен. 1973-ж. Парижде сүйлөшүүлөр башталып, ок атышууну токтотуу жана америкалыктарды чыгарып кетүү тууралуу макулдашууга кол коюлат. 1975-ж. январда партизандар жалпы чабуулга өтүшүп, 30-апрелде түштүк вьетнамдык аскерлер жеңилет. 1976-ж. бирдиктүү Вьетнам Социалисттик Республикасы түзүлгөн. Вьетнам согуштарында 1,5 млн вьетнамдар жана 58 миң америкалыктар курман болгон.
 
== Колдонулган адабияттар ==
* [[“Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы]]: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055-4
 
[[Категория:согуштарСогуштар‎]]
[[Категория:Вьетнам]]
[[Категория:АКШ]]