Өлүм: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
No edit summary
6-сап:
== Юридика ==
Өлүм – соттук медицинанын негизги түшүнүктөрүнүн бири; тирүүлүктөн биологиялык өлүмгө (организмдин өмүр сүрүүсүнүн таптакыр токтошуна) чейинки баскычтагы жүрүмдү билдирет. Азыркы мезгилде медицина адамдын өлүмүн мээсинин таптакыр өлгөн учурунан тартып тааныйт. Ө. жөнүндө корутунду КР Саламаттык сактоо министрлиги бекиткен жолжобого ылайык мээнин таптакыр иштебей калуусун (мээнин өлүүсүн) каттоонун негизинде берилет.
 
== Медицина ==
Өлүм — организмдин тиричилик-аракетинин кайра калыбына келгис токтолушу; биологиялык особдордун жеке жашоосунун бүтүшү.
 
== Өлүмдүн организмге таасири ==
Киши менен татаал түзүлүштүү жаныбарларда негизги функциялар ([[Дем алуу|дем алуу]], [[Кан айлануу|кан айлануу]]) токтор замат клетка, ткандарда калыбына келгис өзгөрүүлөр болбойт. Түрдүү ткандар менен органдарда зат алмашуунун токтошу жана структурасынын бузулушу бир мезгилде жүрбөйт. Мисалы, өлгөн кишиден алынган айрым органдар атайын чөйрөдө көпкө чейин иштейт. Өлгөн кишинин айрым органдарын тирүү кишиге көчүрүү ушуга негизделген.
 
== Тирилтүү жөнүндө ==
Айрым учурда тиричиликти калыбына келтирип, организмди тирилтүү мүмкүн. Мындай өлүм клиникалык өлүм деп аталат. Клиникалык өлүм дем алуу, кан айлануу бузулганда, мисалы, сууга чөккөндө, муунганда, операция убагында жүрөк токтоп калганда, миокарддын инфарктында жана башкалар нерв системасынын клеткаларына кычкылтек жетпей калышынан болот. Анын орточо узактыгы 2—6 мин. созулат. Бул мезгилде негизги функцияларды калыбына келтирүүгө болот. Андан кийинки биологиялык өлүмдө бул функциялар калыбына келбейт. Өлүм себебине жараша табигый (физиологиялык) жана мезгилсиз (патологиялык) болуп бөлүнөт. Табигый өлүм организмдин акырындап картаюусунун натыйжасында, мезгилсиз өлүм ар кандай оорудан, кырсыктардан, өзүн өзү өлүмгө кыюудан болот.
 
== Колдонулган адабияттар ==
* [[Философия: энциклопедиялык окуу куралы]]/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.-Б.: 2004, ISBN 9967-14-020-8
* [[Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү]]. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7
* Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8
 
[[Категория:Юридикалык аталгылар жана түшүнүктөр]]
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Өлүм" булагынан алынды