Озон тешиги: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
 
2-сап:
[[Файл:Ozone over southern hemisphere Sep11 1957-2001.gif|thumb|200px|Аяк оонадагы ( сентябрь) Антарктикадагы озон тешиги, 1957 жылдана 2001 жылга карай.]]
[[Файл:Halogene Chemistry in the Atmosphere.png|thumb|420px|left|Стратосферадагы галогендердин реакциясынын жана озон менен галогендин реакциясынын схемасы]]
'''Озон''' (O<sub>3</sub>) катмары [[Жер|жерди]] улңтрафиолеттик (кызгылт көк нурлардын ары жагында жаткан, көзгө көрүнбөгөн нурлардан) сактайт. Озон катмары жерден 20-60 ''км'' жогору бийиктикте жайгашкан. Болжол менен алганда жерди 5 млрд. тонна озон курчап турат. Негизги озонду талкалоочулар галогендерди кармоочу газдар ([[фтор]], [[хлор]], [[бром]], [[йод|иод]] ж.б. ушул сыяктуу заттар) мисалы, хлорфторуглеводдор аэрозолдук кичине балондор аркылуу муздак түрүндө чачыратылып колдонулат. Хлордук жана фтордук [[углеводдор]] [[Стратосфера|стратосферага]] өйдө көтөрүлүшүп, абанын катмарында 70-100 жыл жашашып, озондун молекулаларын жок кылышып анда тешик пайда кылуулары мүмкүн. Эгер озон тешиги пайда болсо, ал аркылуу жерге өткөн катуу [[ультрафиолет нуру]] [[Жаныбарлар|жаныбарды]], адамды ооруга чалдыктырып [[Өлүм (медицина)|өлүмгө]] учуратат. Мындай коркунучту сезип 1987-ж. 50 мамлекеттин жетекчилери келечекте хлорфторуглеводдорду (фреондорду) чыгарууну 50% кыскартуу жөнүндөдө келишимге кол коюшкан.
== Колдонулган адабияттар ==
* Биология: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. кеңеш А. Токтосунов (төрага) ж. б. — Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, - 2004. 504 б. ISBN 9967-14-022-4
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Озон_тешиги" булагынан алынды