"Ленни Кравиц" түзөтүүлөрүнүн айырмасы

түзөтүү корутундусу жок
(Бот: макалаларды автоматтык импорттоо)
 
No edit summary
'''Леонард Альберт Кравиц''' ([[Англис тили|англ.]] Leonard Albert Kravitz; 1964-жылы 26-май) - америкалык ырчы, ыр жазуучу, актер жана музыкалык продюсер. Анын "ретро" стили рок, блюз, соул, ритм-н-блюз, фанк, жаз, регги, хард-рок, психоделия, поп, фолк жана баллада жанрларын камтыйт. Бэк жана негизги вокал аткаруудан сырткары, Кравиц үн жаздырууларда өзүнүң музыкалык аспаптары менен ойнойт.
 
Ал 1999-жылдан 2002-жылга чейин, катары менен төрт жыл [["Грэмми" сыйлыгы|"Грэмми" сыйлыгынын]] "Эң мыкты эркек ырчы" номинациясына татыган, ушуну менен ал эркектер арасында ыраатуу жеңүүлөрү менен рекорд койгон. Ал көптөгөн сыйлыктарга ээ болуп, ар кайсы номинацияларга талапкер болгон, алардын ичинде: American Music Awards сыйлыгы, MTV Video Music Awards сыйлыгы, Радио музыка сыйлыгы, Brit Awards сыйлыгы жана Blockbuster Entertainment Awards сыйлыгы. Ал ошондой эле VH1 каналдын "100 эң мыкты хард-рок ырчысы" тизмесинде 93-орунга ээ болгон. 2011-жылдын 1-декабрында Кравиц Чыгармачылык жана искусство орденинин офицери болгон. Ал "Ачкачылык оюндары" (англ. Hunger Games) тасма серияларында Цинна аттуу каармандын ролун аткрган.
 
== Өмүр таржымалы ==
4 506

edits