Перс живописи: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Created page with "Перс живописи Арабдардын VII-VIII-кылымдарда персияны басып алууга чейин, перс империясынын тарых..."
 
No edit summary
 
1-сап:
Перс живописи
 
Арабдардын VII-VIII-кылымдарда персияны басып алууга чейин, перс империясынын тарыхы миңдеген жылдарды башынан өткөзгөн. Кылымдар бою [[Ахамениддер]], [[парфяндар]] жана [[сасаниддер]] тарабынан чогулган эбегейсиз маданий жүктү, арабдар басып исламдаштырып өзүнүн баалуулуктарын жана ар түрлдүүлүгүн кошкон. Бул тууралуу кээ бир перс өнөрүнүн изилдөөчүлөрү ислам персияны эмес, [[персия]] исламды басып алды деп айтып келишет. Арабдардын басып алуусуна чейин Иранда нукура архитектура, скульптура, ээритип куюу, метал иштери жана албетте живопись чеберчиликтин туу чокусуна жеткен. [[Файл:Ostromir john.jpg|thumb| [[Остромирова евангелия]] (1057)]]
Перс живописи өзүнүн бир канча кылымдуу салттык көркөм өнөрүн турукташтырып, өзүнүн жол жобоолорун жана живопись усулдарын түзгөн. Көптөгөн окумуштуулардын айтуусунда, перс сүрөтчүлөрүнүн дүйнөлүк көркөм өнөрүнө кошкон негизги салымы, бул персияда XIII-XIX- кылымдарда өкүм сүргөн миниатюра живописи.
[[پرونده:Miniator hotel shah abbas deevar.jpg|بندانگشتی|250px|]]
Перс китеп миниатюрасынын пайда болуш себеби, китеп окууда таасирин тереңдетчү текстке визуалдык аналог жаратуу муктаждыгынан пайда болгон (божомолдоолор менен сасаниддердин Пенжикенттеги дубал сүрөттөрү эпостун иллюстрациясы болгон). Бирок убакыттын өтүшү менен китеп иллюстрациясы тексттин түзмө түз аналогу болбой калган, ал өзгөчөлүгүн табып, сүрөтчүлөр миниатюрага текстте кошулбай калган бөлүктөрүн кошо баштаган. Акырындык менен перс сүрөтчүлөрү тарабынан өзгөчө перс живопись системасы пайда болгон, анда көбүн эсе декоративдик сезим каптап, ал эми чыгармалар жазы баракта түс жана форманын кошулушун, бирдиктүү ритмикалык толуктукту түзүү үлгүсү катары алынган. Перс миниатюрасы китептерге илюстрация катары каралып, бул түспөлүндө орто кылымдагы европа живописинен эч кандай айырмачылыгы болгон эмес, европа живописи, бир канча нерсени эске албаганда XV-кылымдын соңуна чейин жалгыз бир Библия китебине ар түрдүү форматтагы илюстрациялардын жыйнагын түзгөн. XIII-XV- кылымдагы перс живописи менен европа живописинин айырмасы, бул өнөрдө перс сүрөтчүлөрү европалык диний өнөргө караганда диний догматизмден сыртка чыгып бир канча алдыга озунган жана алардын өнөрү жаңы чагылышытарды да өзүнө камтыган.
 
Перс миниатюрасы каармандардын идеалдуу жашоосун чагылдырган. XVII-кылымдагы Европалык таасирге карабай, перс сүрөтчү миниатюра чеберлери, эки өлчөмдүү жазыны үч өлчөмдүү иллюзияга өзгөртүү ыкмаларын колдонууну зарыл деп эсептешкен эмес. Божомолдуу мындай визуалдык ыкма башынан туура эмес көрүнгөндүр. Перс миниатюрасы, көрүүчүнүн ички дүйнөсүнө кол салбаган кооз, ажайып жана абдан ыңгайлуу өнөр. XIX-кылымга дейре перс миниатюрасынын каармандары адамга карай тике чагылдырылган эмес. Чоң ишеним менен перс маданиятынын баардык байлыгы, алгачкы учурда живописте чагылдырылганына тыянак чыгарсак болот.
[[Живопись]] өнөрүн өндүрүү борборлору катары падышалык китепканаларды атасак болот, китепканаларда бир гана китептер эмес, көптөгөн адистердин эмгектери, ар кайсы устаканалардан даярдалган манускриптер сакталган. XVII-кылымга чейин перс сүрөтчүлөрү бир гана суу боектору менен жазышкан. Европа маданиятынын Иранга сиңиши менен европалык живопись жанрлары менен бирге холст жана май боектор кирген.
=Кагаз=
*Кагаз өндүрүү үчүн жаймалар
 
Тарыхка таянсак кагаз биздин доордун 105-жылы Китайда ойлоп табылган. Тыт дарагынын жипчелеринен, бамбуктун жаш бутактарынан жана кездемелерден өндүрүлгөн кытай кагазы батыш тарапка Туркестанга чейин экспорттолгон. Бирок 751-жылы Кангли согушуна чейин арабдар да перстер да ал тууралуу кабары жок болгон (Ташкент жана Самарканддын ортосу). Канглиден кытай өндүрүүчүсүнөн кагаз жасоонун технологиялык сырларын алганданалган соң, ислам дүйнөсүндөгү алгачкы кагаз өндүрүүСамарканддаөндүрүү Самаркандда ачылган, андан соң экинчиси 794-жылы Багдадда. Кагазды колдоонунун артыкчылыгы Аббасид халифи Гарун аль Рашид (786-809-жылдары башкарган) жана вазирлери тарабынан жогорку деңгээлде баркталган. Ага чейин арабдар папирусту колдонуп келген, ал жалгыз Египетте өндүрүлчү, китептерге жана документтерге пергамент колдонулган. 1000-жылга чейин кагаз өндүрүү өнөр жайы баардык ислам борборлорунда Самарканддан баштап Валенсияга чейин таркалган, бирок [[Самарканд]] көп убакыттар бою кагаз өндүрүүдө алдынкы орунда турган.
Кагаз өндүрүү үчүн жаймалар
Тарыхка таянсак кагаз биздин доордун 105-жылы Китайда ойлоп табылган. Тыт дарагынын жипчелеринен, бамбуктун жаш бутактарынан жана кездемелерден өндүрүлгөн кытай кагазы батыш тарапка Туркестанга чейин экспорттолгон. Бирок 751-жылы Кангли согушуна чейин арабдар да перстер да ал тууралуу кабары жок болгон (Ташкент жана Самарканддын ортосу). Канглиден кытай өндүрүүчүсүнөн кагаз жасоонун технологиялык сырларын алгандан соң, ислам дүйнөсүндөгү алгачкы кагаз өндүрүүСамаркандда ачылган, андан соң экинчиси 794-жылы Багдадда. Кагазды колдоонунун артыкчылыгы Аббасид халифи Гарун аль Рашид (786-809-жылдары башкарган) жана вазирлери тарабынан жогорку деңгээлде баркталган. Ага чейин арабдар папирусту колдонуп келген, ал жалгыз Египетте өндүрүлчү, китептерге жана документтерге пергамент колдонулган. 1000-жылга чейин кагаз өндүрүү өнөр жайы баардык ислам борборлорунда Самарканддан баштап Валенсияга чейин таркалган, бирок Самарканд көп убакыттар бою кагаз өндүрүүдө алдынкы орунда турган.
Перс кагазы зыгыр булаларынан, айрым учурда кара куурай булаларын аралаштыруу менен жасалган. Буумду сорттогондон жана чырмалышын чечкен соң, зыгырды тырмашкан, андан соң акиташ суусуна чылашып, кылдаттык менен аралаштырышкан, андан соң алып чыгып күнгө жайып кургатышкан. Мындай процессти бир канча ирет аткаргандан кийин, зыгыр массасын таза сууга жууп, боткого айланмайынча сокуга жанчып же жаргылчактан өрткөзүшкөн. Бул массага барак формасын бериш үчүн, адис идиштерге жыгач жайылмасы менен бирге сетка сымал кургатылган тростник же ат чачынан өрүлгөн нерсенин түбүнө түшүргөн жана пульпаны чаптан жайылтманы алып чыккан. Андан соң жеңил массаны түздөп койгондон соң суусу агып, пульпа кургап катуу фетрге айланат. Кагазды кургаткан соң жумуртка белогуна же крахмал аралашмасына үстүн түздөш үчүн малышкан. Андан соң кагаз жасоочу же каллиграф таш же айнек менен үстүндөгү дүбүрчөлөр толук жоголушу үчүн жылмалаган.
=Боектор=
Line 18 ⟶ 16:
Айрым бир каустикалык боектор акырындык менен кагазды бузушкан, ошондуктан жакшы шартта сакталган миниатюралар да бузулуп кеткен.
=Калем=
*“Иран бодхисаттва” VII-кылым. Дарака живописи. Лондон. Англия музейи.
*Афрасиабда дубалга түшүрүлгөн сүрөттүн бир фрагменти. VII-VIII-кылым.
[[Салык Бек]] XVI-кылымда жазылган “Сүрөттөрдүн канону” трактатында сүрөт тартууга эң жакшы калем деп тыйын чычкандын куйругун айткан. Перс мышыктарынын узун жүнү дагы перс сүрөтчүлөрү колдонгон калемддердин мыктысларынын бири болгон. Сүрөтчү жүндөрдү узундугуна карап тандаган соң, узундуктары бирдей жүндөрдү өзүнчө чогулткан, аларды жип менен байлап, чымчык канатынын ортосунан өткөзгөн. Калемдердин калыңдан баштап ичкесине чейин ар кандай түрлөрү болгон.
=Топкапы сарайы, Турция.=
Line 26 ⟶ 24:
Чоң китепканаларда (шах деңгээлиндеги) сүрөтчүлөрдүн жана каллиграфтардан башка көптөгөн адистер иштеген жана кайсыл көркөм өнөрдүн эпизоддорун иллюстрация кылышты долбоордун башчысы чечкен. Эгер баракчанын тегереги декоративдүү алтын менен каптала турган болсо, атайын адис, ал кагаз суу кезинде кургатпай тутуп жасаган. Каллиграф иллюстрацияга орун калтырып текстти жазган. Сүрөтчүлөр өзүлөрүнүн жумушуна алтын жалатуучулар жана иллюминаторлордон соң киришкен. Китеп даяр болгон соң аны тигишкен. Китептин алгачкы бетин тээриден, оюулар менен жасаган, XV-XVI-кылымдарда оюуу түшүрүү жолу менен да жасашкан. Бирок боолжол менен ошол эле маалда лакталган китеп сырттары модага кире баштаган жана перс манускриптери аябай кымбат жана көп нускада жасалган кол өнөрчүлүк болуп саналган.
Живопистин тематикасы кайсы бир деңгээлде мурдагы кылымдардан алынып колдонулуп келген. Мисал катары Иранда абдан көп колдонулган жана Ахамениддер доорунан бери өкүм сүрүп келген мергенчилик абдан көп чагылдырылган. Бүгүнкү күндө Ислам дооруна чейинки сакталып калган иран живописинин үлгүлөрү өтө сейрек кездешет. Мындайлар негизинен перс дүйнөсүнүн чыгыш тарабында сейрек кездешчү дарак живописи жана Пенжикенттеги дубал сүрөттөрү болуп саналат. Эң алгачкы перс иллюстрация китеби Абд ар Рахман ас Суфинин астрономиялык трактаты болуп эсептелет. Ал 1009-1010-жылы (Бодлеян библиотекасы, Оксфорд) кайра жазылып чыккан, бирок андагы иллюстрациялар, миниатюрага караганда көбүнесе жылдыздардын сүрөттөрүн түшүндүрүү маанисин камтыган сүрөткө окшош.
[[Монгол]] басып алуусуна чейинки тартылган жападан жалгыз толук түрдө иллюстрацияланган перс манускриптисинин миниатюрасы болуп XIII-кылымга таандык “Варка жан Гүлшах” эсептелет. Бул Айюки (11-кылым) тарабынан жазылган сүйүү романынын сүрөттөрү, жетимиш бир миниатюра түшүрүлгөн китеп Стамбулда Топкапы музейинде сакталып турат. Бул манускрипт перс көркөм өнөр салтынын жалгыз үлгүсү, монголдордун басып киргенинде күчтүү кытай таасиринде да сакталып калган. XII-кылымдан тарта көркөм өнөр ыкмаларынын жана негиздеринин үзгүлтүксүздүгү катары эсептөө мүмкүн, перс живописи көп кылымдуу бекем феномен катары бир канча азия өлкөлөрүнө тамырын жайган.
Перс салттык живописи баардык ислам өнөрлөрү катары доорлорго, тигил же бул династиянын башкаруу мезгилдерине бөлүнөт.
=XIV-кылым, Илхандар=
Line 36 ⟶ 34:
Божомолдоолор менен монголдор өзүлөрү менен бирге иранга кытай сүрөтчүлөрүн алып келишкен, анткени ушул доордо перс живописине кытайдын таасири зор болгон, өзгөчө бетинин түзүлүшү, кийими, ошондой эле мейкиндикке болгон кызыкчылыгын “Варка жана Гүлшах” манускриптинин миниатюраларынын декоративдүү концепциясы айкындап турат. Кытай живописи XIII-кылымда миңдеген жылдарды башынан өткөзгөн жана көптөгөн ыкмаларды өркүндөтүп тастыктаган. Илхан миниатюраларынын алгачкы эмгектери эклектикалуу, аларда кытай жана араб живописинен таасир алынгандыгы байкалып турат. Эң алгачкы илхан манускрипти катары “Манафи аль Хайаван” (Бестиарий) Ибн Бахтишу 1297 же 1299-жыл Марага шаары, турат. Бул трактаттын Газан хандын буйругу менен араб тилинен перс тилине которулган. Андагы 94 иллюстрация XIII-кылымдагы араб китеп миниатюрасы, перс керамикасынын далилдери жана кытай живописинин жаңы таасири аралашылган. Мисал катары, дарак түштүк сун методуна таандык.
Хан китепканасынан башка XIX-кылымда Иранда жогрку талаптуу публика үчүн манускрипт жасаган устаканалар болгон. Мындай устаканалар Илханаттын баардык чоң шаарларында болгон. Азыркы учурда жок эле дегенде «Шахнаменин» үч топтому бар, аларды Шираз устаканасына жана Тебриз устаканасына байланышы бар жана 1300-1340-жылдарга таандык. Алар чоң көлөмдөгү формат эмес, алтын жалатуулар колдонулган эмес, живопись стилин орой деп эсептеген. Бирок сүрөтчүлөр иллюстрацияны барака түшүрүүдө жетиштүү түрдө эркин болушкан.
Илхан сүрөтчүлөрүнүн чоң эмгектери болуп эки манускрипт [[“Жами ат Таварих”]] жана [[“Шахнаме”]] Демотта болуп саналат.
“Жами ат Таварих” Газан хандын буйругу менен окумуштуу Рашид ад Дин жана анын визири аркылуу жазылган. Бул китеп дүйнөлүк тарыхты өзүнө камтыган, өтө чеберчилик менен кооздолгон, эки тилде (перс жана араб тилдери) басып чыгары менен баардык Илханатка бирдиктүү идеологияны жаратуу үчүн таратуусун божомолдонгон. Рашид ад Диндин Табриз аймагында “Рашидия” атту толук кичи шаарчасы болгон ал жер китепканаларга толо жана болжолдуу эки жүзгө жакын окумуштуу, каллиграф, сүрөтчүлөр эмгектенген. Рашид ад Диндин өмүр таржымалында жыйырмадан ашуун көчүрмөлөр жасалган, бирок биздин заманга дейре анын эки гана фрагменти жеткен, алардын биринчиси Эдинбург университетинин китепканасында, ал эми экинчиси Нассер Д. Халилинин жыйнагында Лондондо сакталып турат. Бул манускриптеги миниатюралар монгол стилинин живописи катарында, ошол доорду чагылдырган, горизонталдуу форматтагы миниатюралар кытай живописине таандык. Алардын тематикасы ар кыл түрдүү болуп Будданын сүрөтү жана кытай императорлорунан баштап арабдардын басып алуу жүрүштөрүнө чейин байкалат.
 
Line 44 ⟶ 42:
=Инжуиддер=
Иран тарыхында жөнөкөй провинциалдуу султан тараптан дайындалган губернатор, баардык регионалдык бийликти колуна алып, жергиликтүү жана жарым автономдуу династиянын негиздөөчүсү болгон учурлар көп кездешет. Инжуиддер ушундай династиялардын бири болгон, алар 1303-1357-жылдары Фарс аймагын башкарып турушкан, Шираз шаары бул аймактын борбору деп саналган, шаарда манускрипт жасаган устаканалар алда канча көп кездешкен.
Инжуиддердин башкаруусунан биздин заманга дейре жоголуп кеткен [[“Калила жана Димна”]] (1333) эмгегинен жана ошондой эле “Шахнаме” 1341-жылдан эки иллюстрация жеткен, булардын миниатюрасы борбордук устаканаларга салыштырмалуу провинциалдык сапатта көп кездешет, бирок ошол эле учурда перс декоративдүү салтынынын кытай таасирине карабай ыраттуу сакталып калуусу көрүнүп турат. “Калила жана Димна” эмгегинин миниатюрасында, аял сүрөтүнүн тегерегинен көптөгөн гүлдөр менен кооздолушун байкоого болот. Бул өзгөчөлүк миниатюранын декоративдүүлүгүн күчөтүү аракети катары бааласак болот.
=Музаффариддер=
Музаффариддер өзүнүн кыска мөөнөттүү династиясын Илханиттердин урандысынан негизделген хандык болгон. 1350-жылы инжуиддерди кулатып, Шираз шаарын басып алып андан соң Тебризди басып, тоноого алган, бирок аны сактап кала алышкан эмес, ал эми 1393-жылы Тимур алардын башкаруусуна чекит койгон.
Line 195 ⟶ 193:
*R. Hillenbrand. Persian Painting: From The Mongols To The Qajars. Palgrave. 2001.
[[Искусство]]
[[категория: Миниатюра]]