Difference between revisions of "Нарын дарыясы"

better links + picture + gallery
(better links + picture + gallery)
|Түрмөктөр Уикиказынада=Naryn
}}
 
[[File:Нар суу.jpg||thumb|Нар суу.]]
[[File:Нар.jpg|thumb|Нар.]]
[[File:Нарын суу.jpg|thumb|Нарын суу.]]
[[File:Нарынс.jpg|thumb|Нарынс.]]
[[File:На.jpg|thumb|На.]]
[[File:Нары.jpg|thumb|Нары.]]
[[File:Нарын.jpg|thumb|Нарын.]]
 
'''Нарын дарыясы''' — [[Кыргызстан]]дагы эң чоң жана суусу мол дарыя. Сыр дарыянын оң курамы. Узундугу 534 км ([[Чоң-Нарын|Чоң Нарынды]] кошкондо 807 км), алабынын аянты 58 370 км². Алабы түндүктөн Тескей , Кыргыз, [[Талас Ала-Тоосу|Талас Ала-Тоолору]], түштүктөн Какшаал, чыгыштан Ак-Шыйрак, батыштан [[Баргана тоо кыркасы|Фергана кырка тоолору]] менен чектешет.
 
== 1 ==
[[Ак-Шыйрак тоосу|Ак-Шыйрак кырка тоосунун]] түндүк-батыш капталындагы Петров мөңгүсүнүн этегинде 3730 м бийиктикте жайгашкан көлдөн Кумтөр деген ат менен башталат да, Арабел суу менен кошулуп, Тарагайды (Жаакташ) түзөт. Тарагай менен Карасай кошулгандан кийин Чоң-Нарын деп аталып, тектирчелүү жайык өрөөн менен батышты карай агат. Жогорку Нарын өрөөн үнүн борбору бөлүгүндө салааланып, нугу кеңейип, батышында кайра кууштайт. Бул бөлүгүндө дарыяга Каракол (чыгыш) жана Улан суулары кошулат. Улан суусунун чатынан Ай рысуунун (оң куймасы) кошулушуна чейин өтө кууш капчыгай менен агат. Орто Нарын өрөөнүнүн чыгыш бөлүгүндө Чоң-Нарын, Кичи-Нарын менен кошулат да, Нарынды түзөт. Мында дарыя Нарын өрөөнүнүн сол жак чети менен кеңдик багытта агат. Бул бөлүгүндө өрөөн кенен , тектирчелүү. Сол куймасы Текесекирик кошулган жерде гана Нарындын сол жээгиндеги карбондун аки таш теги менен оң жээгиндеги палеоген-неогендин кызыл түстүү тектери жакындашып, кууш өрөөндү пайдакылат. Аламышыкты кууш Аккыя капчыгайыаркылуу жандап өтүп, түндүк-батыш багытты карай шар агат. Андан төмөн бирнече кмге чейин өрөөнү кенен , жээктери жапыз, нугунун туурасы 80–100 мге жетет.
 
 
Нарындын алабында жалпы аянты 1357,8 км2 болгон 2074 мөңгү бар. Көбү (70 %ке жакыны) Акшыйрак, Тескей Ала-Тоо, [[Жетим кырка тоосу|Жетим]], Борколдой ж. б. кырка тоолордо жайгашкан. Ири мөңгүлөрү: Петров (аянты 70,6 км2), Түндүк Карасай (49,0 км2) ж. б. Нарындын узундугу 10 кмден ашык 330 жана андан чакан 500 куймасы бар. Ири куймалары: [[Кичи-Нарын|Кичи Нарын]], [[Он-Арча каналы|Онарча]], Кажырты, [[Көкөмерен]], Чычкан, Узун акмат, Кара суу (оң), [[Ат-Башы району|Ат-Башы]], Алабуга, Алабуга (сол)ж. б. Нарын негизинен кар-мөңгү жана булак, ортоңку жана төмөнкү агымдарында кар жана булак сууларынан куралат. Апрелде кирип , сентябрда тартыла баштайт. Башталышындагы бир аз бөлүгү кышында тоңот; кышкысын Нарындын көп бөлүгүнө шыргалаң жана жээк муздары мүн өздүү. Жылдык орточо чыгымы Нарын шаарына жакын 88,4 м3/сек, эң көбү 232 м3/сек (июль), эң азы 25,2 м3 /сек (январь), Фергана өрөөнүндө (Үч коргон ш. тушта) орт. чыгымы 432 м3/сек, эң көп чыгымы 963 м3/сек (июнь), эң азы 161 м3/сек (февраль). Сугатка (негизинен [[Фергана өрөөнү|Фергана өрөөнүндө]]) кең ири пайдаланылат. Нарындан Чоң Фергана каналы башталат. Нарын гидроэнергетика [[ресурстар]]ына өтө бай; энергиясынын кубаттуулугу боюча КМШде 7 -, потенциялдык ресурсу боюнча Волгадан кийинки 2 -орун да ; жалпы кубаттуулугу 6956,3 миң кВт. Генплан боюнчача Нарындын алабына 22 гидроэлектр станция курулмакчы. Нарында Атбашы, [[Токтогул ГЭСи|Токтогул]], [[Үч-Коргон ГЭСи|Үч-Коргон]], [[Күрпсай ГЭCи|Күрпсай]], [[Ташкөмүр ГЭСи|Ташкөмүр]], [[Шамалдысай ГЭСи|Шамалдысай ГЭСтери]] иштейт; Камбарата ГЭСи курулууда (2004). Боюнан Нарын, Ташкөмүр, Каракөл, Үчкоргон ш., [[Достук айылы|Достук]], [[Токтогул (шаар)|Токтогул]] шаарчалары, Казарман жана башка кыштагы орун алган.
 
<gallery>
Нар суу.jpg|Нарын дарыясы
Нар.jpg|Нарын дарыясы
[[File:Нарын суу.jpg|thumb|Нарын суу.]] дарыясы
Нарынс.jpg|Нарын дарыясы
На.jpg|Нарын дарыясы
Нары.jpg|Нарын дарыясы
[[File:Нарын.jpg|thumb|Нарын.]] дарыясы
</gallery>
 
== Ири мөңгүлөрү ==
|* [[Петров мөңгүсү]] (аянты 70,6 км2км<sup>2</sup>),
{| class="wikitable"
* [[Түндүк карасай мөңгүсү]] (49,0 км<sup>2</sup>)
|-
 
!мөңгү
|-
|Петров (аянты 70,6 км2),
|-
|Түндүк Карасай (49,0 км2)
|}
== Ири куймалары ==
{| class="wikitable"
| [[Кара суу]]
|}
 
== Нарын дарыясындагы ГЭСтер ==
[[Файл:Kurpsai Hydroelectric Station.jpg|thumb|[[Күрпсай ГЭCи]].]]
* [[Ат-Башы ГЭСи]]
* [[Токтогул ГЭСи]] ([[Токтогул, суу сактагыч]])
* [[Шамалдысай ГЭСи|Шамалдысай ГЭСтери]]
* Камбарата ГЭСи 1
* [[Камбарата ГЭСи|Камбарата ГЭСи 2]]
* [[Күрпсай ГЭCи]]
* [[Үч-Коргон ГЭСи]] (1962-ж.)
 
== Адабият ==
* [http://www.bizdin.kg/books/item/97-kg_geo *Кыргызстандын географиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. - Б.: 2004.] ISBN 9967-14-006-2
 
== Байланыштуу макалалар ==
* [[Токтогул, суу сактагыч]]
* [[Кыргызстан тарыхы]]
* [[Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк]]
 
== Интернеттеги шилтемелер ==
25,678

edits