Тебриз: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Бот: автоматизированный импорт статей
 
Файл:Tabriz Mosaic Logo.jpg
 
1-сап:
[[Файл:Tabriz Mosaic Logo.jpg|thumb|Тебриз.]]
'''Тебриз''', Тавриз – [[Иран|Ирандын]] түндүк-батышындагы шаар, Урмия көлүнүн жээгинде. Чыгыш Азербайжан останынын (административдик-аймактык бирдик) административдик борбору. Калкы 1,44 млн (2010). Жолдор тоому. Эл аралык аэропорту бар. Машина куруу, текстиль, тамак-аш, булгаары – бут кийим, нефть ажыратуу өнөр-жай ишканалары иштейт. Килем токуу өнүккөн. 2010-ж. шаардагы Тебриз базары Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине киргизилген. Кол өнөрчүлүктүн жана миниатюра искнун көөнө борбору. Университет бар. 3–4-кылымдарда Сасаниддер негиздеген. 13-кылымда Ортоңку жана Жакынкы Чыгыштын ири шаарларынын бири. Бир нече жолу Ирандын аймагындагы ар кандай мамлекеттердин (анын ичинде Хулагулар жана Сефевиддер мамлекеттеринин) алгачкы борбору болгон. Алишах соборлору, мечити (14-к.; 19-кылымдын башынан цитадель), көк мечиттин чалдыбары (15-к.) сакталган.
[[Категория:География]]
 
==Колдонулган адабияттар==
* [[“Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы]]: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117 -9
 
[[Категория:ГеографияШаарлар]]
[[Категория:Иран]]
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Тебриз" булагынан алынды