Арматура иштери: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
+ link
1-сап:
'''ApмaтуpaАрматура иштери''' - [[темир-бетон]] жасоо жана бетон куюу үчүн арматураны даярдоо, орнотуу жумуштары. Алар төмөнкүдөй ыраатта аткарылат: 1) арматуралык өзөктү (стерженди) камдоо - түрмөктөлүп оролгон, диаметри 10 мм келген арматуралык болоттор кескич автоматта, бөлөк-бөлөк өзөк түрүндө жеткирилген жоон зымдар бири бирине ширетилип, кайчы менен кесилет же бул иштер автоматтык катарда (линия) аткарылат. Өзөк станокто ийилет же түзөтүлөт; 2) арматуралык тор жана каркас даярдоо - камдалган темир өзөктөр контакттуу же жаалык ширеткич менен ширетилет. Өзөктүк арматуранын диаметри 6-90 мм, зымдыкы 3-8 мм. Бетондун байланышын жакшыртууга арматура бетине быдыр салуу менен жетишилет. Кийинки убакта металл эмес арматуранын түрү (базальт, айнек пластик, бамбук) жана башкалар колдонулууда; 3) алдын-ала чыңалтылган темир-бетон конструкциясы үчүн арматура ченеп алуучу, зым кесүүчү жана чогултуучу түзүлүштө иштелет; 4) арматура жыйноо жана монтаждоо мурда даярдалган каркас же өзөк түрдүү ыкма менен ширетилип, имараттын фундаментине кран, кондуктор менен орнотулат.
 
[[Категория:Курулуш]]
==Колдонулган адабияттар==
* [[“Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы]]: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—19967-14-046-1
 
[[Категория:Курулуш]]