Бутан: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
303-сап:
 
==Айыл чарбасы==
Бутан – агрардык өлкө. Дүйнөдөгү анча жакшы өнүкпөгөн өлкөлөрдүн катарына кирет. ИДПнин көлөмү 2,9 млрд долларды түзөт. Аны киши башына бөлүштүргөндө 1400 доллардан туура келет. ИДПде Айыл чарбасынын үлүшү – 36% , өнөр жайы менен курулуштуку – 23%. [[Акиташ теги|Акиташ]], [[мрамор]], [[доломит]], [[графит]], сланец, асыл таштар жана азыраак темир, көмүр өндүрөт. Экономикасындагы эң тез өскөн тармак гидроэнергетика. Жылына 2 млрд кВт∙С электр энергиясын өндүрөт, анын 99%ин ГЭС берет. Энергияга болгон ички керектөөсү анча жогору болбогондуктан, негизинен экспорттолот (Индияга). Кустардык кол өнөрчүлүгү ([[кездеме]], [[килем]], согуш куралдары, металл менен жыгачты кооздоо) өнүккөн. [[Цемент]], тамак-аш, токой өнөр жайы бар. Чакан ишканалары басымдуу. Жеринин 7,7% иштетилет. Негизги өсүмдүгү шалы, жүгөрү, картошка, цитрус өсүмдүктөрү, жемиштер. Жайытта багылган мал чарбачылыгы (жылкы, топоз, кой, эчки) өнүккөн. Автомобиль жолунун узундугу 4007 км. Темир жолу жок. Сыртка электр энергиясын, асыл таштарды, цемент, жыгач, жемиш консерваларын, кардамон, мускус, лак, мом, графит, пил сөөгүн чыгарат. Сырттан оор машина тетиктерин, транспорт жабдууларын, минерал майларын, күрүч алат. Почта маркаларын сатуу жана чет элдик туризм өнүккөн. Негизги соода өнөктөштөрү: [[Индия]], [[Бангладеш]].
 
2003-ж. Тхимихуда Королдук университет негизделген, анын астында илимий-изилдөө институттары бар; алар: Королдук менеджмент институту, Королдук технологиялык институт, Салттык медицина улуттук институту жана башка Телекөрсөтүүсү 1999-жылдан иштейт. 1992-жылдан жума сайын «Кунсель» гезити чыгат. Архитектурасы менен искусствосу ламаизмдин таасиринде өнүккөн. Бутандын архитектурасы 17-кылымда дзонгдор аркылуу таанылган.
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Бутан" булагынан алынды