Теркс жана Кайкос аралдары: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Бот: автоматизированный импорт статей
 
links + wikidata + Karibik Turks- und Caicosinseln.png
 
1-сап:
[[Файл:Karibik Turks- und Caicosinseln.png|thumb|Теркс жана Кайкос аралдары.]]
'''Теркс жана Кайкос аралдары''' — [[Улуу Британия жана Түндүк Ирландия|Улуу Британия]] ээлиги. [[Кариб деңизи|Кариб деңизиндеги]] 2 аралдар тобунан ([[Багама аралдары (архипелаг)|Багама аралынан]] түштүк-чыгышка, [[Гаити (Арал)|Гаити аралынан]] түндүгүрөөк) турат. Аянты 430 км<sup>2</sup>. Калкы 20,1 миң (2010). Административдик борбору – Кукбурнтаун. Расмий тили – англис тили. Аралдын курамына кирген 40ка жакын аралдын 8инде гана адам жашайт. 1962-ж. чейин Улуу Британиянын ээлиги [[Ямайка|Ямайканын]] бир бөлүгү болгон. Ямайка көз каранды эместикке ээ болгондон Багама аралынын ээлиги. 1973-жылдан Улуу Британиянын башкаруусунун астында болуп, учурда өз алдынча көз каранды эмес аймак. Аралды мыйзам чыгаруучу кеңештин мүчөлөрү тарабынан дайындалган губернатор башкарат. Анын курамы премьер-министрден жана 4 министрден турат. Калкынын негизин мурунку кулдардын тукумдары негрлер (90%) түзөт. Аралда ичүүчү таза суу жокко эсе. Ошондуктан алар негизинен жаан суусун пайдаланат.
[[Категория:География]]
 
==Колдонулган адабияттар==
* [[“Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы]]: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117 -9
 
[[Категория:ГеографияАралдар‎]]
[[Категория:Улуу Британия]]