Куйругу узун, үлпүлдөк жүндүү. Түсү кызгылт сарыдан күмүш бозго чейин, кээде дээрлик кара; мезгилдик жана геогр. диморфизм даана байкалат. Тиши жырткычтардыкындай, азуусу курч, арсагай. Түлкүлөрдүн 6-11 түрү Арктикадан башка [[Евразия]], [[Африка]], [[Түндүк Америка|Түндүк Америкада]] Америкада кезигет, [[Австралия (континент)|Австралияга]] алынып келинген. [[КМШ]] өлкөлөрүндө 3 түрү: кадимки [[түлкү]], карсак жана африка түлкүсү жашайт. Токойлуу тундрадан чөлгө чейин мекендейт. Ийинде жашайт. Көбүнчө майда сүт эмүүчүлөр жана куштар менен азыктанат. Жазында 51 сутка көтөрүп, 4-6, чанда 12 бачики тууйт. Кадимки түлкү уруунун чоңу, дене уз. 90 смге, куйругу 60 смте жетет. Күүгүмдө активдүү. Түлкүлөр - аңчылык жана аң чарбачылыгынын баалуу обьектиси. Айрыкча калтар (кара) түлкүнүн териси баалуу. Аң жана куш чарбасына зыян келтирет, кемирүүчүлөрдү жеп пайдалуу. Бир түрчөсү ТКЭСтин Кызыл китебине киргизилген.