Difference between revisions of "Жүн"

+ Bretonisches Zwergschaf Fell.JPG + Bramsche - Tuchmachermuseum - Garnrolle 01.jpg
(Бот: автоматизированный импорт статей *** существующий текст перезаписан ***)
(+ Bretonisches Zwergschaf Fell.JPG + Bramsche - Tuchmachermuseum - Garnrolle 01.jpg)
[[Файл:Bretonisches Zwergschaf Fell.JPG|thumb|Жүн ([[кой]]).]]
'''Жүн''' — мал жана айбанаттын терисиндеги талча түк. Текстиль өнөр жайдын негизги сырьёсу, андан кездеме токулуп, кийиз басылат, кийим, түрдүү буюм жасалат. Өнөр жайда иштетилүүчү жүндүн негизги бөлүгүн кой жүнү түзөт. Эчки, төө, лама, топоз, коён, жылкы, уй, бугу, ит жүнү да пайдаланылат. Жүн ичкелиги, узундугу, тармалдыгы, бышыктыгы, жеңилдиги, өңү, жылтырактыгы жана башка касиеттери боюнча бааланат. Малдан кыркылып алынган (кой, эчки жана башка), таралып алынган (төө, ит, эчки жана коён тыбыты) же түлөгөндө чогултулуп алынган (уй, жылкы) жүн — таза (тирүү), ал эми союлган же өлгөн малдын терисинен алынганы өлүү жүн деп аталат. Жүн тыбыт, кылчык жүн, чала кылчык, уяң, чала уяң болуп бөлүнөт. Жүн кабырчык, кабык жана өзөкчөдөн түзүлөт. Койдун ар кайсы жериндеги жүнүнүн сапаты (узундугу, ичкелиги, тазалыгы, чыйрактыгы) ар башка болот. Кой жүнү тыбыттан жоон, кылдан кыска талчалардан турат да, бир нече катмарга бөлүнөт. Анын ички катмары өтө бышык келип, тышкы кабырчык катмары сырткы чөйрөнүн таасирине жакшы туруштук берет. Жылуулукту жай өткөрүп, ным тартпайт. Күзгү жүнгө караганда жазгы жүн узун келип, тыбыттуу жана бышык болот. Уяң, чала уяң жүндүү жана аргын кой жазында, ал эми кылчык жана чала кылчык жүндүү кой жазында да, күзүндө да кыркылат. Жүн кыркылгандан кийин келип, үзүндү, куйрук, бучкак, шакшак жүн болуп бөлүнөт. Эчки жүнү тыбыттан жана кылчыктан турат. Кылчыгынын технологиялык сапаты начар, ошондуктан тыбыты гана колдонулат. Төө жүнү тыбыттуу жана чуудалуу келип, өтө бышык жана чоюлчаак болот. Тыбыты жууркан жасоодо, кездеме жана тор кездеме токууда колдонулат. Топоз жүнү нооту өндүрүшүндө пайдаланылат. Коён жүнү фетр (мыкты кийиз), тыбыты тор кийим жасоодо колдонулат. Союлган жылкы, уй жүнү негизинен бышырып, кийиз басуу өндүрүшүндө колдонулат. Бугу жүнүндө өлүү жүн көп, ошондуктан матрац жасоодо, эмерек өндүрүшүндө өткөрбөгүч материал катары пайдаланылат. Айрым ит жүнүнөн колго жасалуучу түймө буюмдар даярдалат. Кыргыз эли күзгү жүндөн кийиз өтүк (чокой), калпак, кементай, байпак жана башка кийим; ком, тердик, желдик, ичмек сыяктуу токулга; аяк кап, табак кап, күзгү кап, самын кап, уук учтук, баштык, кап жана башка буюм жасаган. Жазгы жүндү жуурканга, төшөккө, тыш жана кыш кийимге салган. Көчмөн турмушта мал байлоодо, жүк жүктөөдө керектелүүчү аркан жана жип эшилип, өрмөк жип ийрүүгө пайдаланган.
[[Файл:Bramsche - Tuchmachermuseum - Garnrolle 01.jpg|thumb|Жүн.]]
[[Категория:Кыргыз кол өнөрчүлүгү]]
'''Жүн''' — мал жана айбанаттын терисиндеги талча түк. Текстиль өнөр жайдын негизги сырьёсу, андан кездеме токулуп, кийиз басылат, кийим, түрдүү буюм жасалат. Өнөр жайда иштетилүүчү жүндүн негизги бөлүгүн кой жүнү түзөт. Эчки, төө, лама, топоз, коён, жылкы, уй, бугу, ит жүнү да пайдаланылат. Жүн ичкелиги, узундугу, тармалдыгы, бышыктыгы, жеңилдиги, өңү, жылтырактыгы жана башка касиеттери боюнча бааланат. Малдан кыркылып алынган ([[кой]], эчки жана башка), таралып алынган (төө, ит, эчки жана коён тыбыты) же түлөгөндө чогултулуп алынган ([[уй]], [[жылкы]]) жүн — таза (тирүү), ал эми союлган же өлгөн малдын терисинен алынганы өлүү жүн деп аталат. Жүн тыбыт, кылчык жүн, чала кылчык, уяң, чала уяң болуп бөлүнөт. Жүн кабырчык, кабык жана өзөкчөдөн түзүлөт. Койдун ар кайсы жериндеги жүнүнүн сапаты (узундугу, ичкелиги, тазалыгы, чыйрактыгы) ар башка болот. Кой жүнү тыбыттан жоон, кылдан кыска талчалардан турат да, бир нече катмарга бөлүнөт. Анын ички катмары өтө бышык келип, тышкы кабырчык катмары сырткы чөйрөнүн таасирине жакшы туруштук берет. Жылуулукту жай өткөрүп, ным тартпайт. Күзгү жүнгө караганда жазгы жүн узун келип, тыбыттуу жана бышык болот. Уяң, чала уяң жүндүү жана аргын кой жазында, ал эми кылчык жана чала кылчык жүндүү кой жазында да, күзүндө да кыркылат. Жүн кыркылгандан кийин келип, үзүндү, куйрук, бучкак, шакшак жүн болуп бөлүнөт. Эчки жүнү тыбыттан жана кылчыктан турат. Кылчыгынын технологиялык сапаты начар, ошондуктан тыбыты гана колдонулат. Төө жүнү тыбыттуу жана чуудалуу келип, өтө бышык жана чоюлчаак болот. Тыбыты жууркан жасоодо, кездеме жана тор кездеме токууда колдонулат. Топоз жүнү нооту өндүрүшүндө пайдаланылат. Коён жүнү фетр (мыкты кийиз), тыбыты тор кийим жасоодо колдонулат. Союлган жылкы, уй жүнү негизинен бышырып, кийиз басуу өндүрүшүндө колдонулат. Бугу жүнүндө өлүү жүн көп, ошондуктан матрац жасоодо, эмерек өндүрүшүндө өткөрбөгүч материал катары пайдаланылат. Айрым ит жүнүнөн колго жасалуучу түймө буюмдар даярдалат. Кыргыз эли күзгү жүндөн кийиз өтүк (чокой), калпак, кементай, байпак жана башка кийим; ком, тердик, желдик, ичмек сыяктуу токулга; аяк кап, табак кап, күзгү кап, самын кап, уук учтук, баштык, кап жана башка буюм жасаган. Жазгы жүндү жуурканга, төшөккө, тыш жана кыш кийимге салган. Көчмөн турмушта мал байлоодо, жүк жүктөөдө керектелүүчү аркан жана жип эшилип, өрмөк жип ийрүүгө пайдаланган.
 
==Колдонулган адабияттар==
* [[“Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы]]: 3-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. 784 бет, илл. ISBN 978 9967-14-074 -5
[[Категория:Кыргыз кол өнөрчүлүгү]]
25,678

edits