Алты күндүк согуш: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Бот: макалаларды автоматтык импорттоо
 
wikidata + categories + 6dayswar1.jpg + 1967 Six Day War - conquest of Sinai 7-8 June.jpg
1-сап:
[[Файл:6dayswar1.jpg|thumb|Алты күндүк согуш.]]
'''Алты күндүк согуш''' - 1967-жылы 5-июнь күнү [[Израиль]] менен үч арап [[мамлекет]]и - [[Египет]], [[Сирия]] жана [[Иордания|Иорданиянын]] ортосунда башталып, 10-июнь күнү жарашуу жолу менен аяктаган согуш.
Мындан мурда 1956-жылы октябрь айында болуп өткөн кагылыштан кийин бул чөйрөдөгү көп жылдардан берки курчуган абал эки тараптын аскердик күчтөрүн кубаттандыруу, лидерлердин опузалаган жана көкүткөн сөздөрү, мындан сырткары Израиль менен Египеттин ортосундагы Казат жери деп аталган 23 Ак деңиздин жээгиндеги маанилүү жерден Египеттин каалоосу боюнча БУУнун аскерлеринин артка чегинүүсү согуштун чыгышына себепкер болгон.
[[Файл:1967 Six Day War - conquest of Sinai 7-8 June.jpg|thumb|Алты күндүк согуш (7-8-июнь).]]
1967-жылдын июнь айынын башында башталар башталбас болуп турган согуш жогорудагы себептерден улам 5-июнь күнү расмий түрдө башталган. Согуш учурунда Израиль абада үстөмдүк кылып, душман тараптын аба күчтөрүн бүлгүнгө учураткан. Жер бетинде да Израиль аба күчтөрүнө таянып, үстөмдүк кылган. Жыйынтыгында Израиль Египеттен Синай жарым аралын алып, Суэц каналынын чыгыш тарабын каратып алган. Мындан сырткары Акабе булуңунун кире беришин өзүнө камтыган Шарлм Эл-Шейхтин тегерегин да ээлеп алган. Андан кийин Израиль Сирия фронтундагы өз аймагынын бир бөлүгүн ичине камтыган Голон дөбөлөрүн алып, мындан сырткары Иорданиядагы Шерия дарыясынын батышында жайгашкан түшүмдүү жерлерди жана Куддус шаарынын өз карамагына кирбеген тарабын өзүнө каратып алган.
Line 8 ⟶ 10:
==Колдонулган адабияттар==
* Эл аралык мамилелер сөздүгү/ Түз. Аббас Караагачлы; котор. Топчугүл Нармаматова, -Б.:КТМУ, 2008.- б. ISBN 978-9967-24-921-9
 
[[Category:Саясат]]
[[Категория:Согуштар]]
[[Category:Экономика]]
[[Категория:Асрайыл]]
[[Категория:Египет]]
[[Категория:Сирия]]
[[Категория:Иордания]]
[[Категория:1967-жыл]]