Израиль: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
links and maps (again!) do not remove them again!
317-сап:
 
==Тарыхы==
Палестинаны араб жана еврей мамлекеттерине бөлүү жөнүндөгү БУУнун Генералдык Ассамблеясынын резолюциясы жарыялангандан (1947-ж. 29-ноябрь) кийин Палестинада согуш аракеттери башталган. Эмигрант еврей жамааттарынын ишув аталган куралдуу бөлүктөрү араб мамлекетинин курамына кире турган жерлерге да өз көзөмөлүн орноткон. Палестина аймагынын бир бөлүгүндө 1948-ж. 14-майда Израиль мамлекетинин көз каранды эместигинин декларациясы жарыяланган. Араб өлкөлөрү бул чечимге каршы чыгып, Израильге каршы согуштук аракеттерди баштаган. 1948-49-ж. согуштун жүрүшүндө Израиль БУУнун чечими менен Араб мамлекетине берилүүчү аймактын бөлүгүн жана Иерусалимдин батышын кошуп алган. Палестинада араб мамлекетин түзүү жана Иерусалимге өзгөчө статус берүү чечими үзгүлтүккө учураган. 1956-ж. Израиль Улуу Британия жана Франция менен Египетке каршы агрессияга катышкан.

[[Алты күндүк согуш|Араб-израиль согушунун]] жыйынтыгында Израиль 1967-ж. июнь айында Иордан дарыясынын сол жээгин жана Чыгыш Иерусалимди, ошондой эле Голан дөңсөөсүн жана Синай жарым аралын басып алган. 1982-ж. июнда Израиль аскерлери Ливанга кирип, Бейруттагы Палестинаны бошотуу уюмунун куралдуу күчтөрүн жана штабквартирасын чыгарып жиберүүгө жетишкен. 20-кылымдын 70-жылдарынын орто ченинде арабизраиль чыр-чатактарын тынчтык жолу менен жөнгө салуу иштери жүргүзүлүп, 1977-ж. алгачкы жолу израиль-араб мамилелеринин тарыхында Египеттин президенти А. Садат Израильге келет. 1978-ж. АКШнын кийлигишүүсү менен Израиль жана Египеттин ортосунда Кэмп-Девид макулдашуусу түзүлүп, 1979-ж. алардын ортосунда тынчтык келишимине кол коюлат. 1982-ж. И. Египетке Синай ж. а-н кайтарып берген. 1992-ж. башында И. Рабин турган Израиль «Эмгек партиясынын» («Авода») бийликке келиши менен Жакынкы Чыгыштагы тынчтык процесси бир топ жөнгө салынган. 1993-ж. Вашингтонгдо Израилдик-палестиналык декларацияга, 1994-ж. Газа жана Иерохон боюнча макулдашууга кол коюлган. 1994-ж. Израиль менен Иорданиянын ортосунда тынчтык келишими түзүлгөн. Сирия жана Ливан сүйлөшүүлөрү да бир кыйла ийгиликтүү жүргүзүлөт. Бирок, 1995-ж. премьер-министр И. Рабиндин өлтүрүлүшүнөн кийин, бийликке Б. Нетаньяхунун келиши менен тынчтык процесси кайрадан кризиске учурайт. Израиль палестиналыктар келишимдин шарттарын аткарбай жатат деген кине коюп, сүйлөшүүлөрдү токтотот. 1999-ж. Эмгек партиясынын лидери Э. Барактын бийликке келиши менен тынчтык сүйлөшүүлөр кайрадан жанданган. 2000-ж. Израиль Түштүк Ливандан аскерлерин чыгарып кеткен. Бирок бул иш-чаралар аймактагы абалды турукташтыра алган жок. Ошол эле жылы Э. Барак отставкага кетерин жарыялайт. Израиль менен Палестинанын ортосунда чыр-чатак күч алып, палестиналык экстремисттердин аракеттери күч алат. Аларга каршы израилдиктер катуу чараларды көрүп, натыйжада көп адам курман болот. Израилдин премьер-министри А. Шарон менен Я. Арафаттын ордуна бийликке келген М. Аббас согушту токтотуу жана аймактагы абалды турукташтырууга багытталган келишимге (2005) кол коюшкан. Израиль үчүн АКШ менен бир катар макулдашуулар жана меморандумдар менен бекемделген «стратегиялык союз» түзүшү маанилүү ролду ойнойт. Израиль АКШдан жыл сайын 3 млрд долларга жакын жардам алып турат, анын ири бөлүгү аскердик керектөөлөргө жумшалат. Мындан тышкары, Израиль Европа өлкөлөрү, ошондой эле Түркия, Индия, Кытай, Россия, араб-мусулман өлкөлөрүнөн Египет, Иордания жана Мавритания менен кызматташтыгы өнүгүүдө.
 
==Экономикасы==
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Израиль" булагынан алынды