Биотехнология: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
мNo edit summary
+ links
 
1-сап:
'''Биотехнология''' ([[Англис тили|англ.]] ''Biotechnology''; био... жана технология) - адамга керек баалуу продукт алуу максатында микроорганизм, [[Өсүмдүк|өсүмдүк]] жана [[Жаныбарлар|жаныбарларды]] технологиялык өндүрүштө пайдалануу. [[Микроорганизмдер|Микрорганизмдердин]] ачытуу процессинин натыйжасында нан бышыруу, шарап, сыр даярдоо, пиво кайнатуу сыяктуу биотехнология тармактары байыртадан белгилүү болгон. Азыр анын жардамы менен ар кандай биологиялык активдүү заттар [[гормондор]], [[ферменттер]], [[витаминдер]], [[антибиотиктер]], дары-дармектер алынат. Биотехнология ыкмалары айлана-чөйрөнү коргоодо өнөр жай өндүрүшүнөн чыккан таштандыларды, кир сууларды тазалоодо кеңирп колдонулат. Айыл чарба өсүмдүк зыянкечтерине жана илдеттерине каршы чыгарылган биопрепараттар, энергия жана ресурстарды үнөмдөөчү өндүрүш иштери, тоютка жана тамак-аш кошунду белокторун алуу ага негизделген. Ген жана клетка инженериясынын өнүгүшүнө байланыштуу мурда алынбаган өтө баалуу дары-дармектер (интерферон, кишинин өсүү гормону ж. б.), вакцинаны синтездөө, жаңы пайдалуу микроорганизм түрлөрүн, өсүмдүк сортун, мал породасын жаратуу, мал чарбасындагы асылтукум ишинде клетка технологиясын колдонуу ж. б. мүмкүнчүлүктөр пайда болду. Азыркы биотехнология биохимия, микробиология, мол. [[биология]], [[генетика]], [[иммунология]], [[биофизика]] жана башка илимдердин жетишкендиктерин пайдаланат. Шаймандар жана колдонуу ыкмаларына жараша биотехнология көпчүлүк учурда (тиешелүү) биоинженерия, биомедициналык инженерия, биоөндүрүш, молекулярдык инженерия тармактары менен айкалышат.
 
Миңдеген жылдар бою адамзат биотехнологияны айыл чарбада, тамак-аш өндүрүшүндө жана медицинада колдонуп келген. Бул термин негизинен 1919-жылы венгриялык инженер Карл Эреки ([[Венгр тили|венг:]] ''Károly Ereky'') тарабынан чыгарылган деп айтылат. 20-кылымдын акырында жана 21-кылымдын башында эле биотехнология геномика, рекомбинанттык ген техникалары, колдонмо иммунология сыяктуу ар түрдүү илимдерди камтып кеңейген, ошондой эле дары-дармек менен дарылоо, диагностикалык тесттерди өнүктүргөн.
 
==Колдонулган адабияттар==
* [[“Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы]]: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4
 
[[Категория:Технология]][[Категория:STEM]]
[[Категория:Биология]]