Difference between revisions of "Публицист"

no edit summary
 
'''Публицист''' - өзүнүн негизги ой-пикирин публицистикалык чыгарма аркылуу жайылткан калемгер, [[жазуучу]], [[журналист]], коомдук ишмер. Ал өз доорундагы жана андан мурдакы доорлордогу олуттуу факттар, окуялар, кишилер, көрүнүштөр тууралуу маалыматты талдап, кеңири калайыкка (аудиторияга) публицистикалык чыгарма түрүндө жеткирет.
 
Публицистика (латынча publicus — "коомдук") коомдун көйгөйлөрүнө арналган чыгармалардын түрү. Коомдук маанайдагы плюралисттик ар кыл пикирлерди чагылдырууда жана саясий жана идеологиялык ой жорумдарды калыптандырууда публицистикалык чыгарманын ролу чоң.
 
Жамаагаттык маалымат каражаты үчүн иштеген фотограф жана видео оператор бир эле учурда өз алдынча публицистикалык жүк аркалаган олуттуу мультимедиалык материал даярдашы да мүмкүн.
 
 
==Кыскача адабият==
* http://www.azattyk.org/content/article/1279429.html
 
[[Категория:ПублицистикаПублицисттер‎| ]]
[[Категория:Журналисттер]]
[[Категория:Кесиптер]]
25,680

edits