Алымбек датка: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
Белги: Жаңы багыттама
1-сап:
#REDIRECT [[Алымбек Датка, Асан бий уулу]]
Асан бий уулу, '''Алымбек [[датка]]''' (1799-1862) - кыргыз элинен чыккан көрүнүктүү мамлекеттик ишмер. Жыйырма жети жашында [[Кокон хандыгы|Кокон ханы]] Мадалиге кызмат өтөй баштаган.
Ал [[Кокон хандыгы]]ндагы кыргыздардан чыккан (алайлык) эң таасирдүү саясий ишмерлердин, аскер башчылардын бири, парваначы наамын (генералга тете) эң биринчи алган адам. Алымбек 1831 ­ж. Мадали хандан “Алайдын даткасы” наамын алган. Ал өлгөндөн кийин [[датка]]лык наам аялы [[Курманжан датка|Курманжанга]] өткөн.
 
Отуз эки жашында Анжиян вилайэтинин беги болуп дайындалып, Кокон хандыгынын ордосунда таасирдүү рол ойногон.
 
1842-ж. Шераалыны хан көтөрүүгө жигердүү катышкан.
 
Анжиян вилайэтинин борборун [[Ош шаары]]на көчүрүп, бул шаардын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө чоң салым кошкон. Балдар үчүн медресе курдурган.
 
1845-жылдагы ордого каршы Ош көтөрүлүшүн жетектеген.
 
1862-ж. 24-февралда Малла ханды өлтүрүү үчүн кутумга(заговорго) катышкан. Тактыга Шераалы хандын он эки жаштагы жеени Шах Мурадды отургузуп, кыска мөөнөт ага аталык болуп турган.
Кокон хандыгынын акыйкатсыз, баскынчы саясатын колдогон эмес. Алымбек [[датка]] кыргыздын түштүк жана түндүк урууларын бириктирүүгө көп аракет жасаган, өз алдынча кыргыз мамлекетин түзүүгө далалаттанган.
 
Отуз жылдык (1831-62) ишмердигинде журт кызыкчылыгын, эл мүдөөсүн биринчи орунга койгон. Алымбек датка Кокондун 4 ханын көргөн (Мадалы, Шералы, Мала, Шах мурад).
 
1862-ж. хан сарайындагы кезектеги кутумда курман болгон.
 
== Адабият ==
* [http://bizdin.kg/books/item/24-short_hist_enscl Кыргыз тарыхы боюнча кыскача энциклопедия. Бишкек. 2003]
 
[[Категория:Кыргыз тарыхы]]
[[Категория:Инсандар]]
[[Категория:1799-жыл]]
[[Категория:19-кылым]]