«Кыргызстан маданияты»: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Бот: автоматизированный импорт статей
 
+ links
1-сап:
'''«Кыргызстан маданияты»''' — маданий менчик басылма. Кыргызстан Жазуучулар союзу менен мурдагы Кыргыз ССР Маданият министрлигинин органы катары 1967-жылы январда уюштурулуп, жумасына бир жолу чыгып келген. «Кыргызстан маданиятына» адабият таануу, адабий сын, [[драматургия]], [[кино]], [[музыка]], сүрөт, [[архитектура]], элдик көркөм чыгармачылык, тил илими ж. б. тармактар боюнча макалалар, изилдөөлөр жарыяланган. Ошондой эле коомдук турмуш, философия, социология, экономика, илим-техниканын маанилүү маселелери да кеңири чагылдырылган. Газета калкты идеялык, эстетикалык, ыймандык жактан тарбиялоого да көңүл бөлгөн. 1977-жылы «Кыргызстан маданиятынын» нускасы 50 миң нуска болсо, 1988-жылы 60 миңге чейин жеткен. 1991-жылдан мезгил-мезгили менен жарык көрүп турат.
 
[[Категория:ММК]]
==Колдонулган адабияттар==
* [[“Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы]]: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104 -9
 
[[Категория:Кыргыз гезиттери‎]]
[[Категория:Кыргыз маданияты]]
[[Категория:ММК1967-жыл]]