Байланыш кабели: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
+ Fibre-optic cable in a Telstra pit.jpg
 
1-сап:
[[Файл:Fibre-optic cable in a Telstra pit.jpg|thumb|Байланыш кабели.]]
'''Байланыш кабели''' - сигналдарды электр же оптикалык түрдө өткөрүүчү зым. Ал аркылуу [[Телеграмма (телетайпограмма, факсограмма)|телеграмма]] ж-а фототелеграмма, [[телефон]] аркьшуу сүйлөшүүлөр, телекабар, статистикалык маалымат, телемеханикалык системанын сигналдары берилет. Байланыш кабели симметриялуу жана коаксиалдуу конструкцияда; берилүүчү жыштык спектри боюнча төмөнкү (10 кГцтен кичине) ж-а жогорку (10 кГцтен чоң) жыштыктагы; колдонуу тармагына жараша алыскы (шаар аралык) ж-а жергиликтүү кабель болуп, асма, жер жана суу астына орнотулат. Линиянын ток өткөрүүчү бөлүгүнүн диаметри 0,3-1,6 мм жез зымдан жасалып, изоляцияланган зымдары экиден (бир тизмек) ж-а төрттөн (эки тизмек) чыйратылат. Симметриялуу байланыш кабелиндеги түгөйлөш зымдын саны 1-3600гө (тажрыйбалык керме 4800гө), коаксиалдуу Байланыш кабелинде 2-20га жетип, түгөйлөш ар бир керме боюнча ЗбООгө жакын телефондук сүйлөшүүлөр жүргүзүлөт.
 
==Колдонулган адабияттар==
* «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4
 
[[Категория:ФизикаТелекоммуникация]]