Механика: нускалардын айырмасы
Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Жазуу катасы түзөтүлдү Белгилер: мобилдик түзмөктөн түзөтүү мобилдик колдонмодон түзөтүү Android app edit |
мNo edit summary |
||
5-сап:
Жалпысынан Механика деп [[Ньютон, Исаак|Ньотондун]] механика закондоруна негизделген классикалык Механика альшат. Анын негизги максаты - жарык ылдамдыгынан аз [[ылдамдык|ылдамдыкта]] кыймылдаган материалдык нерсенин (элементардык бо- лүкчөлөрдөн башка) кыймылын изилдөө. Ылдамдыгы жарык ылдамдыгына жакын нерселердин кыймылы салыштырмалуулук теориясында, ал эми элементардык бөлүкчөлөрдүн кыймылы жанa атомдордун ичиндеги кубулуштар [[Кванттык химия|квант механикасында]] каралат. Механикада реалдуу нерселердин айрым касиеттерин туюндура турган материалдык чекит, абс. катуу нерсе жанa туташ өзгөрмөлүү чөйрө деген [[Абстрактуу түшүнүк|абстракттуу]] түшүнүктөр киргизилет. Ушуга ылайык Механика материалдык чекиттин. материалдык чекиттер системасынын, абс. катуу нерсенин, туташ чөйрөнүн Механикасы болуп айырмаланат. Изилденүүчү маселелердин мүнөзүнө карата Механика статика, кинематика жанa динамика бөлүмдөрүнө ажыратылат.
Механиканын маселелерин чечүүдө матем. методдор менне эксперимент изилдөөлөр кеңири колдонулат. Мех. кыймыл баш ийүүчү негизги закондор менен принциптер жалпы, б. а. теориялык Механикада окулат. Механиканын өз алдынча маанилүү бөлүмдөрү: термелүүлөр теориясы, тең салмактуулуктун туруктуулугу, кыймылдын туруктуулук теориясы, гироскоп теориясы, массасы өзгөрмө нерселердин механикасы, автоматтык жөндөө теориясы теориясы, сокку теориясы ж. б. Механика физиканын башка бөлүмдөрү, [[Астрономия|астрономия]] менен тыгыз байланышта болуп, техниканын ил. негиздеринин бирин түзөт.
== Колдонулган адабияттар ==
* Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.
[[Категория:
|