Нильс Бор: нускалардын айырмасы
Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
+ Niels Bohr.jpg |
мNo edit summary |
||
3-сап:
1908-ж. [[Копенгаген Университети|Копенгаген университетин]] бүтүп, бул жерде өзүнүн биринчи илимий иши суюктуктун термелүүсүн жана металлдын классикалык электрон теориясын изилдөөнү жүргүзгөн. 1916-ж. Копенгагенде теориялык физика кафедрасынын башчысы, 1920-жылдан өмүрүнүн аягына чейин ошол шаарда өзү уюштурган Теориялык физика институтун жетектеген. Фашизмге Каршылык көрсөтүү уюму 1943-ж. Борду Даниядан Швецияга, андан АКШга жөнөткөн. Ал жерде Бор атом бомбасын жасоого катышкан. Согуштан кийин Данияга келип, атом куралынын колдонулушуна каршы күрөшкөн. Ал 1913-ж. атом теориясын иштеп чыгып, классикалык электрдинамиканын закондору менен түшүндүрүүгө мүмкүн болбогон атомдун планеталык структурасын түшүндүрүү аракетинде өзүнүн постулаттарын түзгөн. Ядролук реакциянын жүрүү мүнөзүн аныктап, 1939-ж. Ж. А. Уплер менен бирдикте ядронун бөлүнүү теориясын өркүндөткөн. Бор физиктердин чоң мектебин түзүп, бүткүл дүйнөлүк физиктер байланышын өнүктүргөн. Эмгектери: Прохожденпе атомных частиц через вещество. М., 1950; Атомная физика и человеческое познание. М., 1962.
== Байланыштуу макалалар ==
* [[Борий]]
== Колдонулган адабияттар ==
|