Сакоо: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Бот: макалаларды автоматтык импорттоо
 
No edit summary
 
1-сап:
[[Файл:Streptococcus equi.jpg|thumb|''Streptococcus equi''.]]
'''Сакоо''' (''Adenitis equorum''), м ы тмыт - [[Жылкы|жылкынын]] дем алуу органдарынын жана кулкунунун былжыр челин, лимфа бездерин ириңдетүүчү жугуштуу ылаң. Сакоо дүйнөнүн бардык жеринде, кездешет. Ылаңдаткычы - стрептококк (''Streptococcus eqviequi''). Ал сырткы чөйрөдө туруктуу. Дезинфекциялоочу заттар ылаңдаткычты 15-20 минутада жугушсуздандырат. Ылаңдаткыч булагы — ылаңдуу жылкы. Ылаңдаткыч абсцесстен жана мурундан чыккан илээшкек суюктук менен бөлүнүп, тоют, төшөлгө жана сарайды булгайт. Соо малга аэрогендик, алиментардык жана контакт жолдору менен өтөт. С-нун букма (жашыруун) мезгили 1-15 күн. Сакоодо дене ысыйт (40-41°Сга чейин), мурундан ириң аралаш илээшкек суюктук куюлат. Ылаңдаган мал суу ичпей жана тоют жебей калат. Мал суу ичсе таноосунан ириң аралаш суу куюлат. Кол менен басканда кулкундун тушу катуу ооруйт, кол тийгизбейт. Дем алуусу тездеп, бырылдайт, жөткүрөт. Көпчүлүк учурларда денеси ысыйт, жаак алдындагы без чоңоёт, тери чыңалып чыгат, башын өйдө көтөрүүгө аргасыз болот, бездер ириңдеп көлкүлдөйт. Бир нече күндөн кийин лимфа бездери жарылып, саргыч ириң агат. Ылаң 15-25 күнгө созулуп, көпчүлүк учурларда мал айыгат. Эпизоотол., клиникалык жана лабор. изилдөөлөрдүн негизинде диагноз коюлат. Ылаңдаган мал өзүнчө, өтмө шамалы жок, кургак, жылуу бөлмөгө жайгаштырылып, сиңимдүү тоют менен азыктандырылат. Ылаңдын алдын алуу максатында жаш малды толук рациондуу, сапаттуу тоют менен камсыз кылып, кургак, жакшы шартта багуу зарыл. Ылаң чыккан чарбага карантин жарыяланат. Д. Раимбеков.
жакшы шартта багуу зарыл. Ылаң чыккан чарбага карантин жарыяланат. Д. Раимбеков.
 
==Колдонулган адабияттар==
* Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.
* [[“Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы]]: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117 -9
[[Категория:Зоология]]
 
[[Категория:Ветеринария‎]]
[[Категория:ЗоологияОорулар‎]]
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Сакоо" булагынан алынды