Ветеринария: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Kitten check up at Guantanamo.jpg + Bundesarchiv Bild 183-2005-0624-513, Berlin, Staupeimpfung für Hunde.jpg
мNo edit summary
 
1-сап:
[[Файл:Kitten check up at Guantanamo.jpg|thumb|Ветеринария.]]
[[Файл:Bundesarchiv Bild 183-2005-0624-513, Berlin, Staupeimpfung für Hunde.jpg|thumb|Ветеринария (1947).]]
'''Ветеринария''', ветеринария [[Медицина|медицинасы]] (лат. veterinarius мал дарылоочу) жаныбар ылаңдарын изилдөөчү, ага каршы күрөшүү чараларын, адамды зооноздордон сактоо ыкмаларын иштеп чыгуучу, малдан ветеринардык-санитардык талаптарга жооп берген сапаттуу продукт алууга багытталган илимдер системасы. Ветеринария биологиялык илимдер циклине кирип, медицина, физика, химия ж. б. илимдердин жетишкендиктерин пайдаланат. Ветеринария шарттуу түрдө үч топко бөлүнөт: 1) ветеринария-биологиялык дисциплиналар (анатомия, гистология, патологиялык физиология, фармакология, ветеринардык микробиология, ветеринардык вирусология ж. б.); соо жана ылаңдаган жаныбарлардын дене түзүлүшүн, физиологиясын, дары-дармектердин таасирин ж. б. изилдейт; 2) клиникалык дисциплиналар (эпизоотология жана жугуштуу ылаңдар, паразитология жана инвазиялык ылаңдар, ички жугушсуз ылаңдар, ветеринардык хирургия, акушерлик, гинекология ж. б.), ал жаныбарлардын ар түрдүү ылаңдарын изилдейт, аларга диагноз коюунун жолдорун тактайт, алдыналуу жана жок кылуу ыкмаларын табат; 3) ветеринардык-санитардык топ (ветеринардык-санитария, зоогигиена, ветеринардык-экспертиза ж. б.) айлана-чөйрөнүн жаныбарларга тийгизген таасирин, малдын кунардуулугун жогорулатуу жана алардан алынган продуктулардын сапатын көтөрүүнүн жолдорун изилдейт. Мал ылаңдарын дарылоо жөнүндөгү маалыматтар б. з. ч. 4-кылымга таандык (Египет, Индия), кийин Грекияга, Римге, Араб мамлекеттерине таралган. Ветеринария медицина менен тыгыз байланышта болуп, тез өнүккөн, 18-кылымдын экинчи жарымында ветеринария мектептери Францияда, Германияда, Австрияда ачылган. 19-кылымдын башында ветеринария жөнүндө алгачкы гезит-журналдар жарык көрө баштаган. Ветеринариянын өнүгүшүнө Л. Пастер, Р. Кох, П. Эрлих, И. И. Мечников жана алардын окуучуларынын кошкон салымы чоң. Кыргыз эли байыртадан эле мал ылаңдары менен күрөшүп келишкен. Мисалы, сакоо менен ылаңдаган жылкынын ириң тепкен лимфа бездерин учтуу, курч бычак менен жарып, прпңпн соо кулундун эрпнпне сүйкөшкөн. Алар жеңплпрээк ооруп, сакоого каршы туруктуулук (пммунптет) пайда болгон. Койдун караксагын көк ташты күйгүзүп дарылаган же куйрук майды ысытып жара болгон жерге басышкан. Шарпка чалдыккан уйдун оозун кайнатма туздун эрптмесп менен чайкашкан. Желе куртка дуушар болгон жылкыны бекем таңып, прпңдеген жерпн жарып, үстүн кызарта ысытылган жалпак темир калакча менен кайрып дарылашкан. Бирок жугуштуу ылаңдар менен күрөшүү кыйын болгон, жугуштуу карөпкө менен ылаңдаган эчкплердп отору менен союп жок кылып, башка алыскы жайыттарга көчө качышкан. Малчылар итти кутурмадан сактоо үчүн каңылжаарынын үстүн туурасынан кызарта ысытылган темир менен кайрышкан.
 
6-сап:
 
==Колдонулган адабияттар==
* [[“Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы]]: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4
 
[[Категория:Зоология‎Ветеринария| ]]