Мээ кабыктары: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Бот: макалаларды автоматтык импорттоо
 
wikidtata + Анатомия‎ + Bidloo Ontleding 1690 05.jpg
1-сап:
[[Файл:Bidloo Ontleding 1690 05.jpg|thumb|Мээ кабыктары.]]
'''Мээ кабыктары''' - [[мээ]] жана [[Жүлүн нервдери|жүлүндү]] сыртынан каптап турган тутумдаштыргыч ткандуу катмар.
Ал үч катмардан турат: катуу, желе сымал жана кан тамырлуу. Алардын эң ичкисинде артерия жана [[вена]] кан тамырлары көп болгондуктан кан тамырлуу Мээ кабыктары деп аталат. Бул кабык мээге тыкыс жайгашып, анын кобулдарына кирип турат да, кан менен камсыз кылуу, мээ суюктугун иштеп чыгаруу кызматын аткарат. Мээнин желе сымал кабыгында кан тамырлар болбойт, абдан жука жана назик келет. Мээнин катуу кабыгы калың жана катуу болот, оңой менен чоюлбайт. Анын ички бети жылма, жылтырак жана нымдуу болот. Бул кабыктан мээни көздөй катуу мүйүзчөлөр ажырайт. Булар мээни бөлүмдөргө бөлүп, аны чайкалуудан сактайт. Мээнин катуу кабыгы жүлүн тушунда экиге ажырап, сырткы (сөөк алдындагы) жана ички (май клетчаткасы менен [[вена]] [[кан тамырлар]] чиеленишинен турган) көңдөйчөлөрдү түзөт. Мындай көңдөйчөлөр мээнин желе сымал кабыгы менен, ошондой эле баш терисинин веналары менен байланышта болот. Бул аркылуу мээ суюктугу [[вена]] канына кошулат, ошондой эле мээнин катуу кабыгынын көңдөйүндөгү [[вена]] каны баш терисинин сырткы [[вена]] тамырларына чыгарылып турат. Мээнин катуу кабыгынын өзүнүн [[вена]], артерия кан тамырлары жана нервдери бар. Бул катуу кабык мээни куту сымал каптап, аны сырткы күчтүн урунуу таасиринен сактайт. Мээнин катуу кабыгы менен баш сөөгүнүн ортосунда бир аз боштук болот. Мээ кабыктарынын беттешкен жерлеринде мээ суюктугу менен толгон боштуктар бар. Мээнин кан тамырлуу кабыгы менен желе сымал кабыгынын арасындагы боштук бардык жеринде бирдей болбостон, кээ бир жеринде кенен келип, мээ суюктугун топтоочу көңдөйчөлөрдү түзөт.
 
==Колдонулган адабияттар==
* Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8
 
[[Категория:Ден СоолукАнатомия‎]]