Сеп алдырма дарылар: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Бот: макалаларды автоматтык импорттоо
 
wikidata + links
 
1-сап:
'''Сеп алдырма дарылар''' - борбордук нерв системасына тынчтандыруучу таасир берүүчү [[Дары|дарылар]].
Негизинен аларга синтезделген (мисалы, бромиддер) же [[Өсүмдүктөр|өсүмдүктөрдөн]] (мисалы, [[мышык тамыр]], [[дүлөй чалкан]]) алынган түрдүү каражаттар кирет. Алар невроздорду дарылоодо колдонулат. Бромиддер организмде бром иондоруна бөлүнүп, борбордук нерв системасында тормоздоо процесстерин күчөтөт, козголуу менен тормоздоо процессинин өз ара байланышын кайра калыбына келтирип, жөнгө салат. Анда кишинин туталанып, капаланганы жоголуп, уйкусу оңолот. [[Бромиддер]] менен дарылоо оорулуунун жогорку нерв ишинин тибине жараша жүргүзүлөт. Бул дарылар организмден жай бөлүнүп чыгат. Көп убакыт колдонуудан бромизм пайда болот. Анда кишинин уйкусу келип, эси начарлап, сабыры суз болот, териде майда темгил чыгат, жөтөлөт, конъюнктивит болот, мурун бүтөт. Бромизмдин белгилери пайда болсо, дары ичүүнү токтотуу зарыл.
Мышык тамырдын препараттары (тундурма экстракт, маңыз) бромиддерге окшош таасир берет. Мышык тамырдын таасир этүүчү негизги заттары - изовалериан жана валериан кислоталары. Мышык тамырдын препараттары ички органдардын спазмын жоготот. Ошондуктан бул дарылар жүрөк бат кагып жана ички органдардын спазмы менен мүнөздөлгөн невроздорду дарылоодо колдонулат. Мындай ооруларда корвалолду да берсе болот. Сеп алдырма дарылар врачтын сунушу боюнча гана колдонулат.
 
==Колдонулган адабияттар==
* Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8
 
[[Категория:Ден СоолукДарылар]]