Чач: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
→‎Чачтын түшүүсу: + EdwinAldrin big.jpg
28-сап:
 
== Чачтын түшүүсу ==
[[Файл:EdwinAldrin big.jpg|thumb|[[Базз Олдрин]] (1969-жыл).]]
{{main|Чач түшүү}}
Чачтын кескин суюлушу же баштын айрым жеринин (же бүтүндөй) такырланышы. Кары кишилерде Чачтын түшүүсү алардын жаш өзгөчөлүгүнө жараша теринин өзгөрүлүшүнө байланыштуу жана чачтын агаруусу сыяктуу эле физиологиялык көрүнүш. Эрте Чачтын түшүүсү бардык эле курактагы адамдарда кезигет. Ал өзгөчө ден соолуктун бузулушуна байланыштуу болот. Мында чач, каш, кирпик, сакал, мурут жана колтук жүндөрү түшөт. Мындай Чачтын түшүүгө негизинен [[себорея]] оорусу себеп болот. Өзгөчө балдарда айрым жугуштуу оорулардан (сасык тумоо, безгек, дизентерия жана башкалар) кийин, витамин жетишсиздигинде (өзгөчө А, С, В1, В6), ичеги-карын, боор, калкан бездин, нерв системасынын өнөкөт ооруларында байкалат. Өтө чарчоодо, уйку качууда, окуучуларда экзамен учурунда чач күчөп түшөт. Аялдарда чачты катуу тартып байлаганда, чачты асемдеп тараганда чач көбүрөөк түшөт. Эркектерде эрте Чачтын түшүүсү көп байкалат, адегенде маңдай жана төбө чачы, кийинчерээк чачынын баары түшөт. Мындай Чачтын түшүүсү көбүнчө бир туугандарда байкалат жана баш терисинин тукум куума өзгөчөлүгүнө (калыңдыгы, кан менен камсыз болушу) байланыштуу болот. Айрым учурда чач тегерек болуп такырайып түшөт. Ага нерв, эндокрин системасынын бузулушу, организмдин жалпы уулануусу (тиштин чириши, тонзиллит, гайморит жана башкалар өнөкөт инфекциядан) себеп болот. Анда капысынан 15—20 тыйындын көлөмүндөй тегерек так байкалат. Такыр жер улам чоңоёт. Айрым учурда чачтын баары түшүп, баш бүт такыраят. Оорунун мындай формасы өнөкөт түрүндө өтөт жана оңой менен айыкпайт. Айрым учурда дарыны узакка пайдалануудан, чачты туура эмес күтүүдөн да чач түшөт.
 
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Чач" булагынан алынды