Аалам: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
+ Файл:Campo ultra profundo 3d.gif
мNo edit summary
2-сап:
'''Аалам''' – [[материя|материянын]] өнүгүү [[процесс|процессинде]] чексиз, ар түрдүү форма алып, мейкиндик жана убакыт жагынан чектелбеген бүткүл дүйнө.
 
Ааламды изилдөөгө бардык [[табият]] таануу илимдер катышып, космология илиминин негизин түзөт. Ааламдын азыр бизге дайын бөлүгүн [[астрономия]] изилдейт. [[Жер]] - Ааламдагы телолордун бири. Жерден башка [[планета|планеталар]] бар экендиги, алардын баары биригип [[Күн системасы|Күн системасын]] түзө тургандыгы белгилүү. Күн системасынын диаметри 10 млрд. км ге жакын. Бул аралыкты жарык нуру 10 саатта басып өтөт.
 
20-кылымдардан бери Күн системасын кошо камтыган Галактиканы изилдөө өрчүй баштады. Биздин [[Галактика|Галактиканын ]] чеги 100 миң жарык жылына барабар экендиги жана андан тышкары башка Галактикалар да бар экендиги 20-жылдарда белгилүү болгон. Галактикалар бизден канчалык алыс болсо, спектринде байкалган сызыктардын кызыл нурга карай жылганы байкалат. Капиталистик өлкөлөрдөгү айрым астрономдор азыркы күндө акырына чейин ачыла элек бул кубулушту пайдаланып, дүйнөнүн жаралышы жөнүндөгү идеяны «илимий» негиздөөгө, фидеизмди жайылтууга аракет жасайт.
 
Ааламдын негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири – андагы материянын бир калыпта эмес жайланышы. Материянын негизги бөлүгү өтө чоң тыгыздыктагы космос телолорунда ([[жылдыз|жылдыздарда]], [[планета|планеталарда]]), тыгыздыгы эң аз заттар Ааламдын калган көлөмдөрүндө жайланышкан. Мында да заттар бир калыпта таралган эмес. Газ менен чаңдын тыгыздыктары (10-24-1025г/м3 м<sup>3</sup>) кадимки жылдыздар аралык мейкиндиктин тыгыздыгына салыштырганда көп эсе чоң.
 
Асман телолор системасынын түзүлүшүнүн изилдөө үчүн ал телолордун мейкиндикте орун алуусуна жана кыймылына таасир эткен күчтөрдүн жаратылышын билүү зарыл. Планеталардын айланышы, [[комета|кометалардын]] ядросунун Күн системасындагы кыймылы толугу менен бүткүл дүйнөлүк тартылуу күчү аркылуу түшундүрүлөт. Аалам качан жаралган деген суроого идеалист астрономдор: ал жоктон жаралып, андан бери 2 млрд.жыл өттү, -деп далилдөөгө аракеттенишип, бул убакытты Аалам нөл радиустан азыркы чоңдукка чейин кеңейтүүгө кеткен мезгил катарында эсептешет. Материалист астрономдор асман телолорунун системасынын жашоо убактысы анын ичине кирген кичирээк системалардын жашоо убактысынанан чоң деп далилдешет. Мисалы: биздин галактиканын жашоо убактысы Күн системасында салыштырмалуу алганда, алда канча чоң. Жылдыздардын же башка асман телолорунун жашоо убактысы алардын өз классындагы телолордун сапатына дейре өнүгүп жеткен мезгилинен баштап эсептелет. Анда жандуу жаратылыш Жерде гана эмес, башка жылдыздарды тегеренген планеталарда да болушу мүмкүн деп болжолдоого болот.
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Аалам" булагынан алынды