Металлургия: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
м + image
+ link
1-сап:
[[Файл:Csepel Művek. Fortepan 76139.jpg|thumb|Металлургия (1990).]]
'''Металлургия''' (грекче metallurgtō – кен казып алам, металл иштетем) – кен таштан [[металл]] бөлүп алуу, металл куймаларынын химиялык курамын, түзүлүшүн өзгөртүү жөнүндөгү илим. Менделеевдин мезгилдик системасындагы галлоиддер менен газдардан башка бардык элементтерди өндүрүп алуу процессин кучагына алат. Өз ичинен төмөнкүдөй технологиялык процесстерден турат: 1) кенди металл бөлүп алууга даярдоо (майдалоо, ылгоо); 2) [[пирометаллургия]], гидрометаллургия жана электролит ыкмалары менен кенден металлдарды бөлүп алуу, аны тазалоо. Пирометаллургия ыкмасында металл шахта же электр мештери, конвертер аркылуу, ал эми гидрометаллургияда суунун жардамы менен бөлүнөт; 3) ысытуу, эритүү жолу менен металл күкүмдөрүнөн буюм жасоо; бул ыкмада жогорку сапаттагы металл өндүрүлөт; 4) кристалл-физикалык ыкмада рафинирлөө жолу менен өтө таза металлдар, жарым өткөргүчтөр алынат; 5) эриген металлдан уютма алуу; 6) металлды басым менен иштетүү. Азыркы кезде металлургия заводдорунда металлдар жана куймалар прокаттоо жолу менен иштетилет; 7) термиялык, химиялык-механикалык, химиялык-термиялык ыкмалар менен каалаган түзүлүштөгү жана сапаттагы металлдар менен куймаларды алууга болот; 8) металлургияда металлдардын бетин чайкоо, цинктөө, пластмасса менен каптоо негизги орунду ээлейт.
 
==Колдонулган адабияттар==
* [[“Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы]]: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111 -7
 
[[Категория:ИлимМеталлургия| ]]