Чубак: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
No edit summary
1-сап:
'''Чубак''' — [["Манас" эпосу|"Манас" эпосунун]] башкы каармандарынын бири.

Нойгут урусунун баш баатыры. [[Манас баатыр|Манастын]] жакын чоросу.

[[Акбалта|Акбалтанын]] карганда көргөн жалгыз баласы. Акбалта көпкө чейин бала көрбөй зарлап жүрүп талаадан таап алат. Бул учур кийин [[Алмамбет]] менен Чубактын чатагына себепкер болгондор тарабынан эскерилет.

[[Сагымбай Орозбак уулу (Орозбаков)|С. Орозбак уулунун]] айтуусунда Чубак Манасты [[Кыз Сайкал|Кыз Сайкалдан]] ажыратып алгандыгы айтылат.

[[Каралаев, Саякбай|С. Каралаевдин]] айтуусунда Чубак Букарга кол салып Каныкейден коркуп качып келе жатып Манаска жоолугат.
Чубак дагы чоң казатта [[Шыпшайдар|Шыпшайдардын]] огунан каза болот.

Чубактын уулу [[Канчоро|Канчоронун]] чоросу болот.

== Манастын чоросу ==
'''Чубак''' (өз аты Болот) — негизги оң каармандардан. Белгилүү баатыр, кырк чоронун бири. Нойгут уруусунун башчысы, 12 жашында [[Манас баатыр|Манаска]] келип кошулган күнүнөн тартып, «[[Чоң казат|Чоң казатта]]» Кожожаштын (Шыпшайдар) огуна учканга чейин эпостогу жоокердик иштеринин баарына катышып, анын оң колу болуп кызмат кылат. «Алышса адамдын алы жетпеген, арстандын тиши өтпөгөн» Чубак жеке кармашта эч бир жоого алдырбайт. Негизги варианттардын бардыгында Чубак кеңири баяндалат. [[Каралаев, Саякбай|Саякбай Карала уулунун]] Чубактын төрөлүшүнөн [[Манас баатыр|Манаска]] келип кошулушуна чейинки тарыхы өзүнчө эпизод катары айтылат. Анын жарык дүйнөгө келиши, балалык чагы жана [[Манас баатыр|Манаска]] кандайча жолугуп, чоро болгону толук баяндалат. [[Каралаев, Саякбай|Саякбай Карала уулунун]] айтуусунда эпикалык салтка ылайык Чубак баласыз зарлап жүргөн [[Акбалта|Акбалтанын]] кайыптан бүткөн баласы. Кайыптан бүткөн Чубактын талаадан табылышы башка варианттарда учурабайт. Бирок бул вариантта да Чубактын кереметтүү бойго бүтүшү, укмуштуу төрөлүү шарты айтылбаганы менен табияттан сырткары күчтүн таасиринде анын дүйнөгө келиши башкы эпикалык баатырдын төрөлүү салтын түздөн-түз болбосо да кайталайт. Чубакка да түрк тилдеринде сүйлөгөн элдердин фольклорунда кездешүүчү салттык мотив боюнча ат коюлат. Балалуу болгон Акбалта чоң той берип, балама ат коюп бергиле деп элге кайрылат. Чогулган эл балага ат таппай турганда ак селдечен думана (кыдыр алей салам) келип, «Чубак» деп ат коюп көздөн кайым болот. Дүйнөлүк эпостордун салтында элдик баатыр эрдик иштерге алгач киришерде кандайдыр бир укмуш колдоочуга кезигип, кеп-кеңешин угуп, өзүнүн келечек баатырдык иштерине керектүү жарак-жабдык, тулпар ат жана башкалар буюмдарды алгандыгы айтылат. [[Каралаев, Саякбай|Саякбай Каралаевдин]] варианты вариантында эр жеткен Чубак өзүнө ылайык ат таппай, [[Манас баатыр|Манасты]] издеп чыгат. Булак боюндагы жалгыз мазарга түнөп калган Чубакты Олуя чал ойготуп, ага атайы арналган Көгала тулпарды берип кетет. Ошондон тартып Чубактын эрдик иштери баяндалат. Эрдигине чыдабай Кашкар менен Коконду камап, өзүнө каратып, Букардын каны Караканга келип, аны камайт. Жекеде Каракандын кызы Каныкейден жеңилеринде Чубак качат. Ууда жүргөн [[Манас баатыр|Манаска]] келип качкандыгынын жайын айтат. Чубак баатырдык сапаты жагынан [[Манас баатыр|Манас]] менен Алмамбеттен кем калышпаган каармандын бири. Ал өзүнө ылайык жүзү бар баатыр. Анын элеси эпосто мындайча сүрөттөлөт:
Line 20 ⟶ 22:

Чубактын образы өзүнө таандык сапаттары, мүнөзү менен башка баатырлардан айырмаланып турат. [[Манасчы|Манасчылар]] Чубактын мүнөзүн психологиялык сүрөттөөлөрдө ачык беришет. Ал чапчаң, курч жана алабарман. Бирөөнүн тилине бат кирген ишенчээктиги бардык варианттарда айтылуучу Ч-тын Алмамбеттен чалгындын жолун талашканынан көрүнөт. Өзүнүн алп күчүнө ишенген, жоого биринчи ат коюп көнгөн Чубакты Кыргылчалдын куйту сөзү көкүтүп, чалгынга [[Алмамбет]] менен бирге барбай калышы ага катуу тийип, шагын сындырат. [[«Манас» эпосу|«Манас» эпосунда]] анын чатагы психологиялык жактан негизделген жорук катары бааланат. Кой-айга болбой күүлөнүп алган Чубак «Элге кызмат кылдың деп эрегишиң кай үчүн» деген Алмамбеттин жүйөлүү сөзүнө жыгылып, каталыгын мойнуна алат. Анын бул сапатына башкалар эмес, Алмамбет өзү да ыраазы болот.

Чубактагы негизги сапат — жалтанбас эрдик, түгөнгүс күч. Жалгыз көздүү Макел дөө алыстан көргөн Алмамбетке түз жерден тоо пайда болгондой көрүнөт. Макел дөөнүн сүрүнөн, чоңдугунан чочуп, шашып калган Алмамбет Чубакка, [[Манас баатыр|Манаска]] кабар салалы, эмне болсо да [[Манас баатыр|Манас]] өзү беттешип көрсүн дегенде:

Line 42 ⟶ 45:
* [http://www.bizdin.kg/elib/kitepter/html/manas/manas_sk1/index.html С. Каралаев. "Манас" эпосу. 1982 ж. 1 т.]

[[Категория:Манас эпосуэпосунун каармандары]]
[[Категория:"Манас" эпосунун каармандары]]
[[Категория:Инсандар]]
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Чубак" булагынан алынды