Курманбек эпосу: нускалардын айырмасы
Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
м Chaoborus moved page Курманбек эпос to Курманбек эпосу |
мNo edit summary |
||
1-сап:
Курманбек баатырдын кулк-мүнөзү анын Канышайга үйлөнүшү менен тереңдей баштайт. Курманбек патриархалдык феодалдык үйлөнүү салтын четке кагып, өз сүйгөнүн издеп чыгат. Курманбектин образын анын жары Канышайдын образы толуктап турат. Канышай – баатырдын чыныгы жолдошу, ишенимдүү жубайы. «Курманбек» дастанындагы маанилүү кейипкерлердин бири – [[Аккан]]. Баатыр аталып даңкы чыкпаса да, эл багып, эл биримдигин сактап келген адам, адамкерчиликтүү жолдош, мээримдүү дос. Мунусу Курманбек жараланган эпизоддон даана көрүнөт. Карасанатайлык менен кара өзгөйлүк дастанда Курманбектин атасы Тейитбек хандын образында берилет. Уулунун калмакка жасаган чабуулуна каршы турат, кысталыш учурда [[Телтору атты]] бербей кастык кылат. Кара өзгөй Тейитбек эпостун аягында өз жазасын алат. «Курманбек.» эпосу боюнча А. Токомбаев аңгеме (1924), К. Жантөшев «Курманбек» аттуу пьеса жазган (1942). «Курманбек» дастаны каракалпак калкында да бар. Курманбекти тарыхый инсан катары караган изилдөөлөр да кездешет. 2002-жылы Курманбек баатырдын 500 жылдыгы белгиленип, Жалал-Абад шаарынын кире беришинде [[«Курманбек» – кылымдар мурасы»]] аталган эстелик комплекс (салтанаттуу дарбаза) курулган. ==Колдонулган адабият==
* “Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия”, Бишкек 2003. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик Педагогикалык университети. “Башкы ред. Ү.А. Асанов, жооптуу ред. А.А. Асанков”. “Ред кеңеш: Ө.Ж. Осмонов (төрага) Т.Н Өмүрбеков”.
[[Категория:Эпостор]]
|