Арес: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
picture + links
1-сап:
[[Файл:Ares Canope Villa Adriana b.jpg|thumb|upright|Арес.]]
'''Арес''' — грек [[Мифология|мифологиясы]] боюнча жүзүкара, бүлгүн салуучу, эки жүздүү согуш кудайы (адилет согуштун кудайы [[Афина (мифологияда)|Афина]]). Байыркы грек авторлору: [[Гомер]], Каллимах, Овидийлер Арести грек эмес фракийлик деп эсептешкен. Миф боюнча анын балдары да (Мелеагр, Флегий, Эномай, [[амазонкалар]] жана башкалар) жапайы, ырайымсыз болуп сүрөттөлөт. Арестин жандоочулары катары чыр-чатак кудайы Эрида жана каничкич кудай Энио болгон. Атрибуттары - найза, күйүп турган факел, иттер жана айрыкуйрук. Овидийдин чыгармаларында Арести Гера кереметтүү гүлдөн боюнда болуп төрөгөн, ал эми Гомерде Зевс менен Геранын уулу деп айтылат. Ошондой эле Гомер боюнча, ажайып сулуу [[Афродита|Афродитаны]] сүйүп калган. «Ала жипти аттаган» Афродита жана алардын сүйүүсү, ал гана эмес бул байланыштан туулган балдары - Эрос жана Антерос, Деймос (Үрөй учуу), Фобос (Коркунуч) жана Гармония тууралуу баяндар антикалык авторлордун чыгармаларында арбын кездешет. Европа маданиятында ал Марс деген ат менен белгилүү. Ага арналган скульптуралык эстеликтерди көбүнчө байыркы грек оригиналдарынан римдиктер көчүрүп жасашкан. Аларда Арес адатта жаш, күчтүү башына туулга кийген жоокер катары берилген. Мисалы, «Арес Боргезе», «Арес Людовизи» жана башка. Кайра жаралуу доорундагы живопистик чыгармаларда (С. Боттичелли, П. П. Рубенс, Рембрандт, Д. Веласкес жана башка) көбүнчө Арес менен Афродитанын сүйүүсүнө арналган сюжеттер арбын чагылдырылган.
[[Категория:Мифология]]
 
==Колдонулган адабияттар==
* [[“Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы]]: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—19967—14—046—1
 
[[Категория:МифологияГрек мифологиясы‎]]
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Арес" булагынан алынды