Эпос: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
м mistake
3-сап:
*2. [[Фольклор|Фольклордогу]] [[эпика|эпикалык]] түргө кирүүчү [[ыр]] формасындагы көлөмдүү чыгармалар.
 
[[Файл:Tablet V of the Epic of Gilgamesh.jpg|thumb|[[Курманбек эпосу]].]]
Эпостордо элдин тарыхый турмушу, маданий-социалдык абалы, карым-катнашы, үрп-адаты, келечектен күткөн тилеги кеңири чагылдырылат. Байыркы эпостордо [[Мифология|мифологиялык]] белгилер күчтүү болсо, улам мезгил өткөн сайын эпостор адам турмушунун реалдуу көрүнүштөрүнө жакындап олтурганын байкоого болот. Эпос дүйнөнүн көптөгөн элдерине мүнөздүү болсо да, кыргыз элинде алардын өзгөчө залкар үлгүлөрү бар. Кыргыз эпосторун көлөмүнө, андагы окуялардын камтылышына карап шарттуу түрдө ''улуу'' (чоң) эпос ([[Манас эпосу]]) жана кенже (кичине) эпостор («Манаска» салыштырмалуу башка эпостор) деп экиге бөлөбүз. Ал эми идеясына, окуялардын мүнөзүнө жараша баатырдык жана турмуштук-социалдык деп эки жикке ажыратылат. Баатырдык эпостордун [[мазмун|мазмунун]] башкы каармандардын сырттан келген баскынчыларга жана ички душмандарга каршы күрөшү түзөт да, элдик баатырдын айланасына элдик идеалдагы бүтүндөй оң сапаттардын баары топтолот. Мындай посторго [[Манас эпосу|"Манас"]], [[«Жаныш-Байыш» эпосу|«Жаныш-Байыш»]], [[Курманбек эпосу|«Курманбек»]], [[«Шырдакбек» эпосу|«Шырдакбек»]], [[«Эр Табылды» эпосу|«Эр Табылды»]], [[«Жаңыл Мырза» эпосу|«Жаңыл Мырза»]] ж. б. кирет. Турмуштук-социалдык эпостордо эл турмушунун ар кандай жактары – эркин сүйүүгө умтулуусу, эски салтка каршы күрөшү, бийлик талашуулары ж. б. ар түрдүү кырдаалдардагы жашоо-тиричиликке байланышкан окуялары сүрөттөлөт. [[Кыргыздар|Кыргыздардын]] ата-бабалары урпактарына социалдык-турмуштук мазмундагы: [[“Саринжи-Бөкөй” эпосу|“Саринжи-Бөкөй”]], [[“Кедейкан” эпосу|“Кедейкан”]], [[“Кожожаш” эпосу|“Кожожаш”]], [[“Олжобай менен Кишимжан” эпосу|“Олжобай менен Кишимжан”]] ж. б. эпосторун калтырды. Эпостор төкмө акындар же атайын айтуучулар тарабынан искусствонун башка түрлөрүнүн ([[комуз]], [[ооз комуз]], ар кандай обондор, [[синкретизм]]) жардамы менен элге жетип турган.
 
== Эпос тууралуу ==
[[Файл:Odysseus from Schwab book 1.jpg|thumb|[[Одиссея]].]]
Эпос ([[грек тили|грекче]] epos — сөз, кеп, баян) — элдин башынан өткөргөн баатырдык иштерин даңазалаган ыр түрүндөгү эпикалык чыгарма. Э-то элдин, улуттун, өлкөнүн тагдырын чече турган зор окуялар көркөм сүрөттөлөт. Эпопея тарыхый бөтөнчө шартта жаралат. Ал тарыхый шартта адам өзүн коомдон бөлүп карабайт, өзүнүн жеке кызыкчылыгын коомдун кызыкчылыгынан ажыратпайт. Э-тун мазмунун улуттун тарыхындагы баатырдык окуялар түзөт. Алгачкы баатырдык эпосто элдин мифтик түшүнүктөрү кеңири орун алган. Кыргыздарда мифтик көөнө баатырдык эпостор да бар. Алардын мыкты үлгүлөрү — «Эр Төштүк», «Кожожаш». Буларда мифтик баатырдык эпостун мүнөздүү белгилери кеңири сакталган. [[Карл Маркс|К. Маркс]] байыркы гректердин баатырдык эпосторунун арсеналы гана эмес, негизин да байыркы грек мифтери түзгөнүн баса белгилеген. «[[Илиада]]», «[[Одиссея]]» өңдүү эпостор «адамзаттын балалык доорунда» гана жаралышы мүмкүн. Ал мезгилде турмуш «поэзия жана проза» болуп бөлүнө элек, социалдык карама-каршылыктар анча ачык билине элек болот. Ошондуктан, аңгемечи, жомокчу чыгармасын өзүнүн атынан гана эмес, мекендештеринин атынан баяндайт. «Элдүүлүк — эпикалык поэманын бирден бир негизги шарты» (В. Г. Белинский). Баатырдык Э-то жомокчу жалпы элдик, улуттук ой-сезимдерди билдирген адам катары аракеттенет. Э-ко турмушту кеңири, ар тараптан көркөм сүрөттөп берүү мүнөздүү. Байыркы Грециянын бүт турмушу (үрп-адаты, салты, ишеними, рухий түшүнүктөрү жана башкалар) Гомердин чыгармачылыгында кандай көркөм чагылса, кыргыздардын «Манас» Э-унда да кеңири масштабда сүрөттөлөт. Байыркы гректер, ошондой эле кыргыздар өзүлөрүнүн баатырдык Э-торунан өздөрүн кызыктырган бардык суроолорго жооп алышкан. «Манас», «Илиада» өңдүү Э-тордо улуттук аң-сезимдин бардык олуттуу жактары көркөм баяндалган. Демек, «Манас», «Илиада» өңдүү эпопеялар чыныгы кайраткердик, эрдик, баатырдык жогору бааланып, айрыкча көркөм даңкталат. Мына ушуга байланыштуу «Манас», «Илиада», «Одиссея» жана башкалар Э-тордун негизги мазмунун согуштук окуялар түзгөндүгү бекер эмес. Согуштук конфликт, согуштук кагылыштар баатырдык доордо жашашкан элдердин кулк-мүнөзүн бөтөнчө ачып, алардын жашоо турмушундагы олуттуу өзгөчөлүктөрдү кеңири көркөм баяндоого шарт түзгөндүгүн көрөбүз. Э-то коомдун жана улуттук мүнөздүн олуттуу белгилери сөзсүз орун алат.
 
Баатырдык Э-тун сюжеттик курулушу, композициялык түзүлүшү, образдар системасы, көркөм формасы да бир катар мүнөздүү өзгөчөлүктөргө ээ. Дүйнөгө белгилүү «Манас», «Шах-Намэ» өңдүү чыгармалар кеңири сюжеттүү, окуяларга бай, көп каармандуу, ар түрдүү көркөм каражаттарга өтө бай. Мисалы, «Манас» эпосу — генеалогиялык циклдештирүү принциби боюнча өнүккөн чыгарма. Эпос [[Манас баатыр|Манас]] баатырдын эрдиги менен башталып, анын уулу [[Семетей]], небереси Сейтектин эрдиги менен бүтөт. Улуу манасчы Саякбайдын варианты боюнча Манас баатырдын беш муунуна чейин баяндалат. Ал эми Кытай жеринде жашаган Жусуп Мамай «Манас» эпосун сегиз муунга чейин жеткирет. [[Манас эпосу|«Манас» эпосунун]] ар бир бөлүгү — өзүнчө жеке мүнөздүү өзгөчөлүктөргө ээ болгон бир бүтүн чыгарма. Чыгарманын ар бир бөлүгү биографиялык циклдештирүү принциби боюнча өнүгөт. Эпостун сюжети [[Манас баатыр|Манас]] баатырдын өмүрүнө байланыштуу негизги өзөк окуялардын айланасында өнүгөт. Башка кошумча окуялар мына ушул негизги окуяларга баш ийип, аларды толуктап турат. «Манас» эпосундагы эпикалык борбор — Манас баатырдын образы, калган образдар ушул негизги, башкы образдын тегерегине топтолот.
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Эпос" булагынан алынды