Иван Бунин: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
Ivan Bunin (sepia).jpg + links
 
1-сап:
[[Файл:Ivan Bunin (sepia).jpg|thumb|Иван Бунин.]]
'''Иван Алексеевич Бунин''' (10-октябрь 1870, [[Воронеж]] - 8-ноябрь 1953, [[Париж]]) - орус [[Жазуучу|жазуучусу]] жана [[Акын|акыны]], адабият боюнча "[[Нобель сыйлыгы|Нобель" сыйлыгынын]] лауреаты. Жакырданган дворян үй-бүлөсүнөн чыккан Бунин өз алдынча турмушка эрте аралашкан. Улан кезинде гезиттерде, кеңселерде иштеген, көп саякаттаган. Анын жарык көргөн биринчи чыгармасы "С.Я. Надсондун кабырында" (орус. Над могилой С.Я. Надсона) ыры болгон (1887); биринчи ырлар жыйнагы 1891-жылы Орелдо басылып чыккан. 1903-жылы "Жалбырак түшүшү" (орус. Листопад) китеби жана "Гайават жөнүндө ырлар" (орус. Песни о Гайавате) котормосу үчүн Пушкин сыйлыгына татыктуу болгон; 1909-жылы Чыгармалар жыйнагынын 3үнчү жана 4-томдору үчүн бул сыйлык дагы ыйгарылган. 1909-жылы Императордук Санкт-Петербург илимдер академиясынын көркөм сөз разрядына ардактуу академик болуп шайланган. 1920-жылдан тартып, Францияда жашаган. "Арсеньевдин жашоосу" (орус. Жизнь Арсеньева) романынын, "Суусуз өрөөн" (орус. Суходол), "Кыштак" (орус. Деревня), "Митянын сүйүүсү" (орус. Митина любовь) повесттеринин, "Сан-Франсисколук мырза" (орус. Господин из Сан-Франциско), "Жеңил дем алуу" (орус. Лёгкое дыхание), "Антонов алмалары" (орус. Антоновские яблоки) аңгемелеринин, "Балакеттүү күндөр" (орус. Окаянные дни) күндөлүгүнүн жана башка чыгармалардын автору. Иван Бунин 1933-жылы "классикалык орус проза салтын дагы да келиштирген дыкат чеберчилиги үчүн"адабият боюнча "Нобель" сыйлыгынын лауреаты болгон. 1953-жылы көз жумган. Сөөгү Сент-Женевьев-де-Буа көрүстөнүнө коюлган. Буниндин чыгармалары бир нече жолу экрандаштырылган болучу. Жазуучунун образы Алексей Учителдин "Аялынын күндөлүгү" тасмасында чагылдырылган.
 
== Өмүр таржымалы ==
Line 9 ⟶ 10:
==="Нобель" сыйлыгы===
 
Швед академиясынын расмий текстинде "[[Нобель сыйлыгы|"Нобель" сыйлыгы]] классикалык орус проза салтын дагы да келиштирген дыкат чеберчилиги үчүн Иван Бунинге ыйгарылат" - деп жазылган.
 
Сыйлык тапшыруу аземи 1933-жылы 10-декабрда Стокгольмдун концерттер залында болгон. Жазуучу узак убакытта даярдаган Нобел сөзүндө сыйлык алгачкы жолу айдоодо жүргөн адабиятчыга берилгенин белгилеген. Ага Нобел төш белгисин жана дипломун Швециянын королу V Густав тапшырган. Жазуучу 170 331 крондук (швед акча бирдиги; 715 000 франк) чек алган.
 
==Колдонулган адабияттар==
* [[“Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы]]: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4
 
== Шилтемелер ==
 
{{DEFAULTSORT:Бунин, Иван}}
[[Категория:Нобель сыйлыгынын лауреаттары]]
[[Категория:Окумуштуу]]
[[Категория:Жазуучулар]]
[[Категория:ССРС жазуучулары]]
[[Категория:Орус жазуучулары]]
[[Категория:ЖазуучуларТуулгандар 1870-жылы]]
[[Категория:ОкумуштууӨлгөндөр 1953-жылы]]
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Иван_Бунин" булагынан алынды