Биохимия: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
мNo edit summary
м + 2 links
8-сап:
 
== Биохимиянын изилдөөчү объекттере ==
[[Файл:Neuraminidase Ribbon Diagram.jpg|thumb]]
Биохимия тез өөрчүп, белгилүү объектти изилдөөчү өз алдынча бөлүктөрү (киши менен жаныбарлар биохимиясы, өсүмдүктөрдүн биохимиясы, микроорганизмдердин биохимиясы, техникалык биохимия — жаныбар менен өсүмдүк сырьёсун иштеп чыгуу, тамак продуктуларын даярдоо жана башка) пайда болгон. Аны менен бирге эволюциялык биохимия (тирүү организмдин өөрчүшүнүн ар кайсы стадиясындагы биохимиялык процесстерди изилдөө), биохимиялык генетика, молекулалык биология, квант биохимиясы, клиникалык биохимия калыптанган. 20-кылымда биохимиядагы ири жетишкендиктер биологияга так илимдердин (химия, математика, кристаллография) методдорун киргизүү менен байланыштуу. Электрондук микроскоптун жардамы менен ачылган тирүү клетканын ядросунда генетикалык информацияны берүүчү нуклеотиддердин, нуклеин кислоталарынын синтезделиши аныкталган. Белоктордун структурасы изилденип, түрдүү белоктордо аминокислоталардын ырааттуу жайгашуусу аныкталды; 200гө жакын белоктор (анын ичинде гормондор) синтезделди.
 
Биохимия тез өөрчүп, белгилүү объектти изилдөөчү өз алдынча бөлүктөрү (киши менен жаныбарлар биохимиясы, өсүмдүктөрдүн биохимиясы, микроорганизмдердин биохимиясы, техникалык биохимия — жаныбар менен өсүмдүк сырьёсун иштеп чыгуу, тамак продуктуларын даярдоо жана башка) пайда болгон. Аны менен бирге эволюциялык биохимия (тирүү организмдин өөрчүшүнүн ар кайсы стадиясындагы биохимиялык процесстерди изилдөө), биохимиялык генетика, молекулалык биология, квант биохимиясы, клиникалык биохимия калыптанган. 20-кылымда биохимиядагы ири жетишкендиктер биологияга так илимдердин (химия, [[математика]], [[кристаллография]]) методдорун киргизүү менен байланыштуу. Электрондук микроскоптун жардамы менен ачылган тирүү клетканын ядросунда генетикалык информацияны берүүчү нуклеотиддердин, нуклеин кислоталарынын синтезделиши аныкталган. Белоктордун структурасы изилденип, түрдүү белоктордо аминокислоталардын ырааттуу жайгашуусу аныкталды; 200гө жакын белоктор (анын ичинде гормондор) синтезделди.
 
Кишинин ооруларын алдын алууда жана алардын диагностикасында биохимиялык ыкмалар маанилүү роль ойнойт. Кийинки кезде клиникалык биохимияда колдонулуучу түрдүү экспресс методдор жана автоматташтырылган аппарат менен кыска мөөнөттө (мисалы, 30 сек) жана изилдөөчү материалдын аз эле көлөмүндө (мисалы, кандын 1тамчысы) түрдүү заттардын өлчөмүн таап, диагнозду так коюуга жардам берет.
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Биохимия" булагынан алынды