Граф Монте-Кристо: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
 
1-сап:
[[Файл:Louis Français-Dantès sur son rocher.jpg|thumb|upright|Монте-Кристо.]]
'''"Граф Монте-Кристо"''' ({{lang-fr|Le Comte de Monte-Cristo}}) - 1844-жылы толугу менен жазылып бүткөн француз жазуучусу [[Дюма Александр|Александр Дүманын]] кызыктуу окуялуу романы. Жазуучунун "[[Үч мушкетер]]" (фр. Les Trois Mousquetaires) романы менен бирге эң популярдуу чыгармаларынын бири болуп саналат. Жазуучунун башка чыгармаларындай эле, "Граф Монте-Кристо" романы жардамчысы Огүст Маке сунуш кылган сюжеттеринден жаралган.
 
Романдын окуясы Франция, Италия жана Жер ортолук деңизинде жайгашкан аралдарда, 1815-1839-жылдар арасындагы окуялар учурунда, Францияны Луи-Филипп жетектеген кезде, Бурбондордун калыбына келүү доорунда орун алган. Ал "Жүз күн" деп аталган тарыхый окуялардын (куугунтуктоодон кийин Наполеондун бийликке кайтып келүүсү) астында башталат. Окуянын тарыхый орун алуусу романдын пайдубалын түзөт, "Граф Монте-Кристо" негизинен үмүт, адилеттик, өч алуу, кайрымдуулук жана кечиримдүулүк темаларын чагылдырат. Романдын негизги каарманы - бейукук камакка алынган адам, ал түрмөдөн качкандан соң байлыкты топтоп, аны камакка киргизген кишилерди издеп алардан өч алат. Анын планы айыпсыздарга да, күнөөлүлөргө да начар кесепеттерди алып келет. Бул китеп рыцардык романдын, ишенимдүүлүктүн, чыккынчылыктын, өч алуунун, өзүмчүлдүктүн жана акыйкаттыктын романы болуп саналат.