Франкенштейн: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
мNo edit summary
+ Frankenstein 1818 edition title page.jpg
1-сап:
[[Файл:Frankenstein 1818 edition title page.jpg|thumb|upright|Франкенштейн (1818).]]
'''"Франкенштейн"''' ({{lang-en|Frankenstein}}) же '''"Заманбап Прометей"''' — англиялык жазуучу [[Мэри Шеллин|Мэри Шеллинин]] [[Роман|романы]]. Китепте салттык эмес илимий тажрыйба жүргүзүп, гротеск бирок адам түспөл макулук жараткан жаш окумуштуу Виктор Франкенштейндин окуясы баяндалат. Шелли 18 жашка толгондо окуяны жаза баштап, романдын биринчи басылышы анонимдик түрдө Лондондо 1818-жылы ал 20 жашта болгондо жарык көргөн. Анын аты-жөнү биринчи жолу 1823-жылы Парижде чыккан экинчи басылышында пайда болгон.
 
Шелли 1814-жылы Европаны кыдырып, Германиядагы [[Рейн|Рейн дарыясына]] саякат кылып, Гернсхайм жергесине токтогон. Гернсхайм Франкенштейн сепилинен болгону 17 км алыстыкта жайгашкан. Аталган сепилде болсо эки кылым мурун бир алхимик тажрыйбаларды жүргүзүү менен алектенген. Кийинчерээк ал Женеванын (Швейцария) аймакатырынын бирине барган. Ошол жерде ал галванизм жана адаттан тыш темаларды жолдоштору, өзгөчө сүйгөнү жана келечектеги жубайы Перси Шелли менен кеп кылышкан Мэри, Перси, Лорд Байрон жана Жон Полидори өз ара ким эң мыкты коркунучтуу окуя жаза алат экен деп жарышууну чечишет. Бир канча күн ойлонгондон кийин Шеллинин түшүнө бир окумуштуунун колунан жаралган үрөй учурчу макулук кирет. Бул түш кийин анын романына айланган.
 
"Франкенштейн" готикалык романдардын жана романтизм кыймылынын элементтерине толгон. Ошол эле учурда бул эмгек илимий фантастикалык чыгарманын эң алгачкы үлгүсү болуп саналат. Брайан Олдисс бул эң биринчи чыныгы илимий фантастикалык эмгек деп таанылышы керек деп айткан. Анткени мындан мурун жаралган, фантастикалык элементтерди камтыган, илимий фантастикалык сыяктуу көрүнгөн окуяларга салыштырмалуу бул чыгармадагы баш каарман "атайын чечим кабыл алып, укмуштуудай натыйжага жетиш үчүн лабораторияда заманбап тажрыйба жүргүзүүгө өзүн багыштайт." Китеп адабиятка жана элдик маданиятка белгилүү бир таасирин тийгизип, коркунучтуу окуялардын, тасмалардын жана спектаклдердин жанрынын жаралышына түрткү болгон.
Line 13 ⟶ 14:
== Шилтемелер ==
 
[[Категория:АКШБритания адабиятыадабияты‎]]
[[Категория:КитепКитептер]]
[[Категория:1818-жыл]]