Айла-22: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
+ links
No edit summary
 
1-сап:
'''"Айла-22"''' ({{lang-en|Catch-22}}) — америкалык жазуучу [[Жосеф Хеллер|Жосеф Хеллердин]] [[Сатира|сатиралык]] [[Роман|романы]]. Ал китепти 1953-жылы жазып баштап, биринчи жолу 1961-жылы басып чыгарган. Көп учурда ХХ кылымдын маанилүү романдарынын бири катары аталып келген эмгек өзгөчөлөнгөн хронологиялык эмес, үчүнчү жак менен, бардык нерсени билген баяндаманы колдонуп, ар кимдин көз карашы аркылуу окуяларды сүрөттөп берет. Өзүнчө окуялардын ырааты жок болгондуктан убакыт түрмөгү мазмун менен бирге өнүгөт.
 
[[Файл:North American B-25 Mitchell (N320SQ).jpg|thumb|B-25.]]
Роман [[Экинчи дүйнөлүк согуш]] учурун, 1942-жылдан 1944-жылга чейинки окуяларды баяндайт. АКШ B-25 аба күчтөрүнүн чабуулчусу, капитан [[Жон Йоссариан|Жон Йоссариандын]] окуясына окурмандарды жетелейт. Китептеги окуялардын көбү Италиянын батыш тарабындагы Ак деңизде жайгашкан Пианоза аралына конгон фантастикалык 26-скадрон болуп жаткан учурду камтыйт. Роман Йоссариандын жана лагердеги башка аба аскерлеринин тажрыйбаларына сүңгүп кирет. Алар өздөрүнүн кызматтык милдеттерин аткарышып, бирок ошол эле убакта үйлөрүнө кайтып келүү максатында акыл-эстерин сактап калууга аракет кылышат.
 
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Айла-22" булагынан алынды