Конфликт: нускалардын айырмасы
Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary Белгилер: мобилдик түзмөктөн түзөтүү мобилдик көрүнүш режиминде түзөтүү |
ошооол |
||
1-сап:
Конфликт ([[Латын тили|лат]]. confliktus— карама-каршылык) — 1. Ал эки же андан коп жактын [[пикир]] келишпестигин, ойлорунун бирин-бирине топ келбегендигин билдирет. Аларды конфликтке турткон эн башкы куч болуп - бул алардын [[максат]]тарынын, [[кызыкчылык]]тарынын бири-бирине туура келбегендигин билдирет.
2. [[Көркөм чыгарма]]да берилген бири-бирине карама-каршы турган эки [[идея]]нын, пикирдин ортосундагы каршылыктын жогорку формасы. Ал чыгармадагы каармандардын кулк-мүнөзүндөгү, көз карашындагы жана аракетиндеги күрөшүндө көрүнөт. [[Коом]] турмушундагы эски менен жаңынын, он менен терстин ортосунда жүрүүчү элдешпес күрөш көркөм чыгармаларда адам мүнөздөрү аркылуу ачылат.
Мисалы: «Тоо арасында» романынын негизги конфликтисин совет бийлигин чыңдоо үчүн күрөшкөн Сапарбай, Самтыр, Бүбүштөр менен Саадат, Калпакбаевдердин ортосундагы күрөш түзөт.
Конфликт драмалык чыгармаларда айрыкча айкын берилет. [[М. Байжиев|М. Байжиевдин]] «Төрт адам» пьесасындагы ортодо калган Нази Азиздин таасиринен улам Искендер менен нравалык жактан конфликтиге чыгат, акырында ал өзүнчө андан кол үзүү чечимине келет. Конфликт эпикалык жана драмалык текке мүнөздүү.
<br> ==Колдонулган адабияттар.==
|