Түштүк Корея: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
→‎Табияты: Жазуу катасы түзөтүлдү
Белгилер: мобилдик түзмөктөн түзөтүү мобилдик колдонмодон түзөтүү Android app edit
58-сап:
 
==Табияты==
Жээк сызыгынын узундугу 2500 кмден ашык. ЯпонЖапон деңизинин жээги негизинен тоолуу, начар тилмеленген, Сары деңиздики жана Корей кысыгыныкы — риас тибинде, булуңдар, жарым аралдар жана аралдар көп. Ири аралдары: Кожедо, Чежудо, Чиндо. Корей Республикасынын түштүк бөлүгүндө табигый гавандар бар, алардын жээги тайыз, суу киргенде 10 мге чейин көтөрүлүп, ташкын-тартылуу ылдамдыгы тез болгондуктан, кемелердин кирүүсүн татаалдатат. Айыл-чарба жерин кеңейтүү максатында түштүгүн жээктей сайроондорду кургатуу иштери жүргүзүлүүдө. Өлкөнүн рельефи негизинен тоолуу. Чыгышында субмеридиан багытында Чыгыш Корей тоолору созулуп жатат. Түштүгүндө бийиктиги 1915 мге жеткен Норён, Собэк кырка тоолору жайгашкан. Эң бийик жери Чежудо аралындагы — Халласан өчкөн жанар тоосу, анын кратеринде көл жайгашкан. Түздүктөр өлкөнүн аймагынын <sup>1</sup>/<sub>3</sub> бөлүгүн ээлейт; алар негизинен Кореянын батыш бөлүгүндөгү ири дарыялардын төмөнкү агымдарында, деңиз жээктеринде жайгашып, калк жыш отурукташкан жана өтө өздөштүрүлгөн. Кореянын аймагы Кытай платформасынын түндүк-чыгыш чет-жакасындагы байкал бүктөлүүсүндө жайгашкан. Кореяда курамында висмут бар, вольфрам-молибден кен ташынын ири кени жайгашкан; ошондой эле жез, коргошун, цинк, алтын, күмүш, темир, уран, кадмий ж. б. кендери бар. Негизги көмүр кендери (негизинен антрациттер) өлкөнүн борбордук бөлүгүнүн чыгышында жана түштүк-батышында, күрөң көмүр кендери өлкөнүн түштүкчыгышында жайгашкан. Графит, пирофиллит, тальк, цеолит, барит, кварцит, слюда, каолин, цементтүү акиташ теги, диатомит, сал туз, кум ж. б. кендердин өнөр-жайлык мааниси бар. Сары деңиздин шельфинен табигый күйүүчү газдын кени табылган.
Басымдуу бөлүгүнүн климаты муссондук, түштүк четинде субтропиктик муссондук. Эң суук айынынын (январь) орточо температурасы түндүгүндө — 7°Сден түштүктө 4°Сге чейин. Кышында түндүктөн, Азия антициклонунан кирген муздак абадан кыска мөөнөткө (10—20 күн) суук аба ырайы түзүлөт. Эң жылуу айынын (август, айрым жерлерде июнь же июль) орточо температурасы 25—26°С. Жылдык жаан-чачындын өлчөмү 1000— 1400 мм. Жайкы деңиздик муссонго байланыштуу жаан-чачындын көп жааган мезгили (июндан октябрга чейин) даана байкалат. Жайдын аягында жана күзүндө аймак тайфундун таасиринде да болот; түштүк-батышы мезгил-мезгили менен кургакчылыкка дуушарланат. Дарыя тармагы жыш; ирилери бүт Сары деңиз менен Корей кысыгына куят. Ири дарыялары: Нактонган (узундугу 520 кмден ашык), Ханган (514 км), Кымган (400 кмден ашык). Негизинен жамгыр же кар-жамгыр сууларынан куралат. Суу сактагычтар курулган. Жыл сайын калыбына келип туруучу суу ресурстары 70 км<sup>3</sup>, жыл ичинде суу менен камсыз болуусу 1,5 миң м<sup>3</sup>/адам. Суу ресурстарынын 36%и пайдаланылат.