Жон Локк: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
No edit summary
61-сап:
Өзүнүн «Тажрыйбаларында» Локк жакшылык дегенибиз узак убакыт бою адамга ыракат берип, азап чегүүнү азайта турган нерсе деп билген. Адамдын бактысы мына ушунда турат. Ошол эле убакта Локк моралдык жакшылык дегенибиз — бул адамдын эркин коомдун да, жаратылыштын да мыйзамдарына ыктыярдуу түрдө баш ийдирүү, коом менен жаратылыш болсо моралдын чыныгы негизи болгон Кудайдын эркине баш ийет деп баса белгилейт. Жеке жана коомдук кызыкчылыктардын ортосундагы шайкештик акыл-эстүү жана такыбаа жүрүм-турум аркылуу жетишилет.<br />
Локктун философиясы философтун тирүү кезинде эле жана андан кийинки мезгилде Батыштын бүткүл интеллектуалдык оюна зор таасир тийгизген. Толандын, Кондильяктын, француз материалисттеринин көз караштары анын философиясынын таасири астында калыптанган. Локктун таасири XX кылымга чейин сезилип турат. Анын ойлору ассоциативдик [[психология|психологиянын]] өнүгүшүнө түрткү берген. Локктун тарбия концепциясы XVIII—XIX кылымдардагы алдыңкы педагогиялык идеяларга чоң таасир көрсөткөн.
 
 
 
== Колдонулган адабияттар ==
* [http://www.bizdin.kg/elib/kitepter/pdf/philosophy_blinnikov.pdf Л. В. Блинников.Философтордун кыскача сөздүгү. - Б.: 1997, ISBN 5-900162-16-8]
* Кыргыз педагогикасы:Энциклопедиялык окуу куралы/Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. кеңеш И. Бекбоев(төрага) ж.б. - Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. - 340 б. ISBN 9967-14-018-6
 
[[Category:Философия]]
[[Category:Инсандар]]
[[Category:Батыш философиясы]]
[[Категория:Педагогика]]
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Жон_Локк" булагынан алынды