Католицизм: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
 
1-сап:
'''Католицизм''' ([[Грек тили|грек]]. καθολικός (katholikos) – жалпы, бүткүл ааламдык) – [[Православие|православие]] жана [[Протестантизм|протестантизм]] менен бирдикте [[Христианчылык|христианчылыктагы]] негизги багыттардын бири.
 
[[Файл:Catholic population.svg|300px|thumb|rightupright=1.5|Католициздин дүйнөгө таралышы]] <br />
 
[[Христианчылык]] пайда болгондон тартып бүткүл ааламдык, [[Кафоликалык|кафоликалык]], башкача айтканда курама деп аталган бирдиктүү [[Христиан|христиан]] чиркөөсү болгон. Анын [[Константинопол|Константинополду]] борбор кылган чыгыш жана [[Рим|Римди]] ордого айландырган батыш деп аталган эки бөлөк чиркөөгө бөлүнүшү 9-кылымда башталып, 11-кылымда (1054 ж.) аяктаган. Алардын ар бири өзүн [[Кафолик|кафолик]] же роман-латынча [[Католик|католик]] чиркөөсү деп атаган.
 
Орус тилинде бул түшүнүккө «собордук» деген термин ылайык келет. Акырындык менен батыш жана чыгыш чиркөөлөрүнүн ортосундагы карама-каршылык күч алат. Ал төмөнкүдөй факторлор менен шартталган: бир жагынан аталган чиркөөлөр европадагы мамлекеттерге саясий үстөмдүк орнотуу үчүн болгон күрөш менен байланышса, экинчи жагынан [[Константинопол|Константинополдун]] же [[Рим|Римдин]] таасирине туш болгон элдердин менталитетинин өзгөчөлүктөрү менен аныкталган. <br />
Мисалы: чыгыш жана түштүк [[Славян|славян]] урууларынын маданияты, [[Этнос|этностук]] аң-сезими, рухий дөөлөттөрү үчүн чыгыш [[Христианчылык|христианчылыктын]] окуусу жакын болуп, натыйжада [[Православие|православие]] дини калыптанган.
 
[[Файл:Pope Francis Korea Haemi Castle 19.jpg|thumb|upright|]]
[[Герман]] уруулары Рим-католик чиркөөсүнүн жетекчилиги астындагы батыш [[Христианчылык|христианчылыкты]] кабыл алышкан. Христианчылык өз маңызы боюнча [[Космополиттик|космополиттик]] (улуттук мүнөзгө ээ эмес) дин болсо да, тигил же бул элдердин улуттук өзгөчөлүктөрүнө ыңгайланышуу менен батыш жана чыгыш чиркөөлөрүнүн ортосундагы айырмачылыктарды кескин күчөтүп жиберген. Натыйжада, 1054-ж. [[Христианчылык|христианчылык]] официалдуу түрдө эки багытка ажырап кеткен. [[Православие]] менен католицизмдин ортосундагы айырмачылыктар төмөндөгүлөргө негизделген:
 
Line 33 ⟶ 35:
 
6) Католицизмде дин кызматкерлеринин чиркөө эрежелерине «кыңк» этпестен баш ийиши салт. <br />
Мисалы: [[Католик|католик]] дин кызматкерлери үй-бүлө, бала, чарба күтпөө тууралуу ант беришет.
 
[[Православие|Православиеде]] мындай ырым-жырым жок. Ошол себептен эрежелерди бекем сактаган ыйык адам катары түшүнүлгөн [[Рим]] папаларынын күнөөсүздүгү тууралуу догмат 1870-жылы кабыл алынган. [[Православие|Православиеде]] дин кызматкерлеринин күнөөсүздүгү тууралуу догмат толугу менен четке кагылат.
Line 55 ⟶ 57:
Университеттердин аты эле айтып тургандай, аларда ошол кезде белгилүү болгон илимдердин баары окутулган. Илимдердин эң маанилүүсү жана башкысы катары христиандык теология аталган. [[Философия]] [[Теология|теологиялык]] гана эмес, искусство менен байланышкан башка факультеттерге да окутулган. Университеттердеги эң маанилүү факультеттер болуп теологиялык, юридикалык жана медициналык бөлүмдөр саналган.
 
Бардык факультеттерге «жети эркин искусство» деп аталган илимдердин комплексинен дарстар окулган. Бул комплекс Боэций тарабынан иштелип чыккан жана өз кучагына «тривиум» ([[Грамматика|грамматика]], [[Риторкиа|риторика]] (чечендик өнөрү), [[Диалектика|диалектика]]) менен «квадриумду» ([[Арифметика|арифметика]], [[Геометрия|геометрия]], [[Астрономия|астрономия]] жана [[Музыка|музыка]]) камтыган. [[Теология]] гана илим деген статуска ээ болгондуктан, бул илимдер эркин искусстволор деп аталышкан. Бүгүнкү күндө католицизм динин туткандардын саны [[Христиан|христиандардын]] басымдуу көп бөлүгүн түзөт. [[Христианчылык|Христианчылыктын]] бул багыты [[Европа|Европанын]] роман тилинде сүйлөгөн өлкөлөрүндө, [[Латын Америкасы|Латын Америкасында]], [[Польша|Польшада]] ж. б. өлкөлөрдө кеңири тараган.
 
 
 
 
 
==Колдонулган адабияттар==
* Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Философия энциклопедиялык окуу куралы. - Б.:2004 ISBN 9967-14-020-8
 
[[CategoryКатегория:Христианчылык]]
[[Category:Дин]]
[[CategoryКатегория:Батыш философиясы]]
[[Category:Философия]]
[[Category:Байыркы грек философиясы]]
[[Category:Батыш философиясы]]
[[Category:Христианчылык]]
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Католицизм" булагынан алынды