Протестантизм: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
м + link
м + links
1-сап:
[[Файл:Martin Luther (Lucas Cranach) 1526.jpg|thumb|upright|Мартин Лютер (1526).]]
'''Протестантизм''' (латынча protestantis – журтчулук көзүнчө далилдөөчү) – [[католицизм]] менен [[Православие|православиеден]] кийинки эң ири христиандык концессия.
 
16-кылымдагы [[реформация]] убагында католицизмден бөлүнүп чыккан. Протестантизмдин негизги жоболорун 16-кылымда [[Лютер Мартин|М. Лютер]], [[Кальвин Жан|Ж. Кальвин]], [[У. Цвингли]] ж. б. иштеп чыгышкан. Протестантизмдеги «адамдын кудай менен байланышы» жөнүндө талкуулары аны католицизмден айырмалаган. Протестантизм окуусунун булагы – ыйык китеп (Инжил) деп эсептелет. Протестантизмдин негизги түрлөрү: лютерчилик, кальвинизм, цвингличилик ж. б. 16–17-кылымда протестантизм феодализмге каршы күрөштө буржуазиянын идеялык куралы болгон. Протестантизм көбүнчө Скандинавия өлкөлөрүндө, Германия, Швейцария, Улуу Британия, Нидерланд, АКШ ж. б. өлкөлөрдө кеңири тараган. 19–20-кылымдын башында протестантизмде теологиялык либерализм менен модернизмдин пайда болушу протестанттык фундаментализмдин өсүп чыгышына түрткү берген. Анда протестантизмдин этностук салттарга, эмгекке жана ишкердикке карата жеке көз караштарынын өзгөчө системасы пайда болуп, Европа менен АКШда диний философиялык агымдардын калыптануусуна, андагы философиялык жана маданий ой-пикирлерге кыйла таасир берген.