Уилям Фолкнер: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Бот: макалаларды автоматтык импорттоо
 
Carl Van Vechten - William Faulkner.jpg + wikidata +links
1-сап:
[[Файл:Carl Van Vechten - William Faulkner.jpg|thumb|upright|Уилям Фолкнер.]]
'''Уилям Катберт Фолкнер''' ([[Англис тили|англ.]] William Cuthbert Faulkner; 1897-жыл 25-сентябрь — 1962-жыл 6-июль) — [[Америка Кошмо Штаттары|америкалык]] жазуучу жана Миссисипинин Оксфордунан [[Нобель сыйлыгы|Нобел сыйлыгынын]] лауреаты болгон. Фолкнер [[Роман|романдарды]], кыска аңгемелерди, пьеса, [[поэзия]], дилбаяндарды жана [[Сценарий|сценарийлерди]] жазган. Анын романдарындагы жана аңгемелериндеги окуялар ойдон чыгарылган Йокнапатофа аймагында (Миссисипинин Лафайетте жергесине негизделген) болуп өткөнү менен белгилүү. Ал өз өмүрүнүн басымдуу бөлүгүн ошол жерде өткөргөн.
 
Фолкнер жалпы эле Америка адабиятындагы, өзгөчө Түштүк адабиятында урмат-сыйга ээ болгон жазуучулардын бири болуп саналат. Эмгектери 1919-жылдан тартып, көпчүлүгү 1920 жана 1930-жылдары басылып чыгарылса да Фолкнер 1949-жылы Нобелдин адабият сыйлыгын алганга чейин салыштырмалуу түрдө таанымал болгон эмес. Ал Миссисипиде туулган жападан жалгыз Нобел сыйлыгын уткан инсан болгон. Анын эки чыгармасы, "Жомок" (англ. A Fable, 1954) менен акыркы романы "Уурулар" (англ. The Reivers, 1962) "Пулитцердин" [[Фантастикалуулук (адабият)|фантастика]] жаатындагы сыйлыгын утуп алган. 1998-жылы Modern Library басмаканасы Фолкнердин 1929-жылдагы "Ызы-чуу жана алаңгазарлык" романын 20-кылымдагы англис тилинде жазылган эң мыкты 100 роман тизмесинде 6-катарга жайгаштырган; тизмеге "Мен өлүп жатканда" (англ. As I Lay Dying, 1930) жана "Августтагы жарык" (англ. Light in August, 1932) чыгармалары дагы кирген. "[[Авессалом, Авессалом!]]" (англ. Absalom, Absalom!, 1936) да ушул сыяктуу тизмелерге киргизилген.
 
== Өмүр таржымалы ==
Line 9 ⟶ 10:
== Шилтемелер ==
[[Категория:АКШ жазуучулары]]
[[Категория:ЖазуучуларНобель сыйлыгынын лауреаттары‎]]
[[Категория:АвторлорТуулгандар 1897-жылы]]
[[Категория:Өлгөндөр 1962-жылы]]